Роуминг

Роуминг

Роуминг

«Роуминг» кызматы О! мобилдик операторунун каалаган жеке абонентине өз телефон номерин Кыргыз Республикасынан тышкаркы аймактарда сактоого, алар менен тийиштүү келишимдер түзүлгөн эл аралык байланыш операторлорунун түйүндөрүндө добуштук чалууларды жасоого, кабыл алууга жана SMSтер менен алмашууга мүмкүндүк берет.

Жеке абоненттер үчүн роумингде жеткиликтүү багыттардын тизмеси (тарифтер улуттук валютада - сом менен көрсөтүлгөн).

«Роуминг» кызматын кошуу -   996#

«Роуминг» кызмат абалын текшерүү -   9969#

«Роуминг» кызматын өчүрүү - 9960#

Көңүл бургула! SIM-картанын ырастоолорун колдонуу үчүн кызматты кошуу жана өчүрүү учурунда мобилдик түзүлүшүңүздү кайрадан жүктөөнү  аткаруу зарыл (тиешелүү билдирүүнү алгандан кийин).

  • «Роуминг» кызматы баланста бир сомдон ашык болгондо жеткиликтүү.

  • Жеке абонент кошулуу үчүн депозит киргизип же кандайдыр бир абоненттик төлөмдөрдү төлөбөйт.

  • «Роуминг» кызматын кошуу акысыз жүргүзүлөт.

  • Кызматты кошууну КР аймагында аткаруу керек.

  • «Роуминг» кызматын өчүргөндө, «Интернет – Роуминг» кызматы да өчөт.

Чет өлкөгө чыгардан мурун кошумча чыгымдарды алып келе турган кайра даректөөлөрдүн бардык түрлөрүн өчүрүү сунушталат.

Кээ бир өлкөлөрдө узак жүрүп калган учурда сиздин телефонуңуз иштебей калышы мүмкүн. Бул өлкөлөрдүн мыйзамдарына ылайык, аткезчилик жана телефондук аппараттарды уурдоонун алдын алуу үчүн телефондук аппараттарды жергиликтүү уюлдук операторлордун кеңселеринде каттоо (акылуу негизде) каралган, андай болбосо катталбаган телефон алардын түйүндөрүндө тейленбейт.

Ал үчүн арзаныраак тарифтер иштеп жаткан оператордун түйүнүндө роумингде катталуу үчүн төмөнкү кадамдарды аткаруу зарыл:

1. Жеке абоненттер үчүн роумингде жеткиликтүү багыттардын тизмеси бөлүмүнөн Сиз барууну пландаштырып жаткан өлкөдөн арзан тарифтери бар оператордун түйүнүн табыңыз;

2. Бара турган жайыңызга келгенде, телефон О! мобилдик операторунун абоненттерине «Роуминг» кызматын көрсөтө турган түйүндөрдүн ичинен бирөөсүнө автоматтык түрдө катталат;

3. Эгер Сиздин телефон автоматтык түрдө тандаган түйүн менен арзан тарифтери бар оператордун түйүнүн аталышы айырмаланса, Сиз телефондун менюсу: «Настройки» - «Оператор» - «Название оператора» аркылуу кол менен керектүү түйүнгө кайра кошушуңуз керек.

4. Каалабаган түйүндөрдө кайра каттоо болбошун контролдоо керек, себеби арзан тарифи бар түйүндүн сигналы алсыз болсо (шаардын тыгыз курулушу,  метрополитен станциясы, калктуу райондордон алыс жайга барганда), телефон каттоону сигналы күчтүүрөөк түйүндө аткарышы мүмкүн.

Жеке абоненттер үчүн роумингде жеткиликтүү багыттардын тизмеси (тарифтер улуттук валютада - сом менен көрсөтүлгөн).

Тарифтердин баалары КНС эсепке алуу менен, СС кошпой көрсөтүлдү.

«Интернет-Роуминг»

«Интернет-Роуминг» кызматы интернет трафикти роумингде берүүнү жеткиликтүү кылат, ал О! мобилдик операторунун абоненттерине чет өлкөдө жүргөн учурда билдирүүлөрдү (Viber, Telegram, What’s App ж.б.), алып-берүүнү колдонууга, видео чалууларды жасоого, сүрөттөр жана видеофайлдар менен социалдык тармактарда бөлүшүүгө мүмкүндүк берет.

«Интернет-Роуминг» кызматын кошуу - 997#

«Интернет-Роуминг» кызмат абалын текшерүү - 9979#

«Интернет-Роуминг» кызматын өчүрүү - 9970#

«Интернет-роуминг» кызматын колдонуу үчүн имя точки доступа/ (APN): internet тууралоо керек. SIM-картанын ырастоолорун колдонуу үчүн кызматты кошуу жана өчүрүү учурунда мобилдик түзүлүшүңүздү кайрадан жүктөөнү  аткаруу зарыл (тиешелүү билдирүүнү алгандан кийин).

Интернет-роуминг үчүн жеткиликтүү багыттардын тизмеси.

«Интернет-роуминг» кызматы үчүн кененирээк.

О! мобилдик оператору менен саякаттоо пайдалуу!