Кыргызча
03 марта 2026

Акыркы жаңылыктар

О! Экосистемасы: уюлдук байланыштан финтех-жетишкендикке чейин, компаниянын 17 жылдыгына карата

О! Экосистемасы: уюлдук байланыштан финтех-жетишкендикке чейин, компаниянын 17 жылдыгына карата

Сиздердин алдыңыздарда О! 2026-жылы кандай жетишкендиктерге ээ болгондугу тууралуу 17 факт.

17 жыл мурун О! уюлдук оператор катары ишке кирген, ал эми бүгүнкү күндө – бул Кыргызстан рыногу үчүн 10 миллион орнотуусу бар уникалдуу «Мой O!» супертиркемеси. Телекомдун, финтехтин жана ритейлдин синергиясы санариптик жашоону башкаруунун бирдиктүү түйүнүн түздү, жана ал Кыргызстандын бардык түйүндөрүнүн абоненттерине жеткиликтүү.

Сиздердин алдыңыздарда О! 2026-жылы кандай жетишкендиктерге ээ болгондугу тууралуу 17 факт.

 

Телеком: Технологиялык лидерлик

1. Суверенитет жана камтуу. O! түйүнү калктын 99,8%ын камтыйт, уникалдуу инженердик чечимдердин аркасында жыштыктардын жетишсиздигинде да туруктуу сигналды камсыздайт.

2. Маалыматтардын көптүгү. «Переходи на О! КОМБО» тарифтеринде интернеттин көлөмү кошумча төлөмсүз 2 эсеге көбөйдү.

3. eSIM жана 506 коду. «Мой O!» тиркемесинде eSIM аркылуу бир нече мүнөттүн ичинде абонент боло аласыз. Байланыш үчүн жарым жылга алдын ала төлөсөңүз – статустук номерлер белекке берилет.

4. «Мобайл + Үй» синергиясы. Saima Telecom менен бирге компания конвергенттүү чечимдерди өнүктүрүүдө: үйдөгү жана смартфондогу интернет – бир тарифте, анткени чогуу арзаныраак жана пайдалуураак.

 

Жашоо жана бизнес үчүн финтех чечимдер

5. Банк 24/7. Банк кызматтарынын толук цикли – күнүмдүк төлөмдөрдөн жана аманаттардан баштап онлайн кредиттерге чейин – супертиркемеде каалаган убакта жеткиликтүү.

6. Kaspi.kz финтех-гиганты менен интеграция. Казакстанда QR аркылуу заматта которуулар жана төлөмдөр – үйдөгүдөй эле көнүмүш жана ыңгайлуу.

7. Дүйнө чексиз. Акчаны Astrasend аркылуу алуу, Visa Direct жана Visa+ аркылуу дүйнө жүзү боюнча заматта жөнөтүү.

8. Бизнес үчүн экосистема. Ишкерлер үчүн толук кандуу сервис: эсептер, эквайринг жана өз ишин өнүктүрүү үчүн кредиттер.

9. Кирүү инфраструктурасы. Терминалдардын, банкоматтардын жана нактаматтардын эң ири тармагы өлкө боюнча накталай акчага жана төлөмдөргө жеткиликтүүлүктү камсыз кылат.

10. Берешен кешбэк. Карта жана QR аркылуу төлөгөнгө бонустар, ал эми O!Prime жазылуусу менен – артыкчылыктар жана пайдалар андан да көп!

 

Чекене соода жана шаймандар: Дүйнөлүк бренддерге жеткиликтүүлүк

11. Бир гана оригинал. Apple жана Honor өнөктөшү катары, O!Store тармагы расмий кепилдиги бар жаңы өнүмдөргө жеткиликтүүлүктү камсыздайт.

12. O!Market. Колдонмонун ичиндеги маркетплейс: 0% бөлүп төлөө, чоң ассортимент – азык-түлүктөн жана дары-дармектен баштап ири техникага чейин – жеткирүү менен.

13. Жеткиликтүүлүк. Он миңдеген кыргызстандыктар бөлүп төлөө шартынын ыңгайлуулугунан улам уюлдук телефондорун жаңылашты.

 

Камкордук жана жоопкерчилик

14. Социалдык маанилүү тарифтердин тизмеги кеңейтилди. Мамлекетке кызмат кылгандарга жана улуу муунга «Мамлекеттик» жана «Пенсионер» сапаттуу байланышты камсыздайт.

15. Эко-демилгелер. О! командасы мектептерге 7 бак отургузду, ал эми инженерлер О! мунараларын коопсуз үй катары тандаган илегилектердин уяларын сактап, тармакты кылдаттык менен куруп жатышат.

 

Келечек жана команда

16. Киберщит. О! коопсуздук командасы миллиондогон колдонуучулардын маалыматтарын коргоп, улуттук кибермашыгууларда эң мыкты деп табылды.

17. HR-бренд №1 жана Intern Labs билим берүү долбоору. О! аймактагы күчтүү корпоративдик маданияттын үлгүсү болуп калды, муну «WOW! HR 2025» абройлуу сыйлыгы тастыктады, ал эми толугу менен акысыз Intern Labs корпоративдик долбоору жаштарга IT-кесиптерин өздөштүрүүгө жана Кыргызстандын санариптик келечегин жараткан команданын бир бөлүгү болууга мүмкүндүк берет.

 

Бул биз сиздер менен бирге жазып жаткан санариптик трансформациянын тарыхы. Ар бир фактынын артында адамдардын ишеними жана профессионалдардын иши турат.

 

О!'ну тандаганыңыз үчүн рахмат.

 

«НУР Телеком» ЖЧКсы. КР МТжБМК алдындагы МБА 2016-жылдын 6-декабрындагы лицензиялары: №16-0062-КР, №16-0063-КР.

«Грин Телеком Сервис» ЖЧКсы. КРУБ 2017-жылдын 3-августундагы №2021030817, №3022030817 лицензиясы.

«О!Банк» ААК. КРУБ 2024-жылдын 17-сентябрындагы  №044 лицензиясы.