Кыргызча
02 марта 2026

Акыркы жаңылыктар

О! Мобилдик оператору Жакынкы Чыгыштагы абоненттерине акысыз интернет берди

О! Мобилдик оператору Жакынкы Чыгыштагы абоненттерине акысыз интернет берди

Мындай учурларда маалыматты ыкчам ала алышы өтө маанилүү.

О! мобилдик оператору Жакынкы Чыгыштагы геосаясий кырдаалдын курчушунан жабыркаган кардарларын колдоо чараларын жарыялады. Компания абоненттерди жакындары менен байланышта болушу үчүн акысыз интернет-трафик менен камсыз кылды.

Компанияда белгисиздик учурларында жакындарыңды угуу мүмкүнчүлүгү жөн гана кызмат эмес, жашоо зарылчылыгына айланат деп баса белгилешет.

«Биз үчүн бул биринчи кезекте адамгерчилик жана өз ара колдоо маселеси. Мындай учурларда ар бир мекендешибиз чет өлкөдө үйү менен байланышып, маалыматты ыкчам ала алышы өтө маанилүү», – деп белгилешти О! компаниясында.

Төмөнкү өлкөлөрдүн аймагында роумингде жүргөн О! абоненттеринин баарына автоматтык түрдө 500 МБ көлөмүндөгү акысыз интернет пакети кошулду:

• БАЭ

• Сауд Арабиясы

• Катар

• Иран

• Иордания

• Бахрейн

Пакет 30 күн бою иштейт, бул жарандарга ыкчам маалымат алып, Кыргызстандагы жакындары менен байланышта болууга мүмкүндүк берет. Трафиктин калдыгын «Мой О!» мобилдик тиркемесинен көзөмөлдөсө болот.

Сиздерди сактык чараларын көрүүгө жана расмий кызматтардын көрсөтмөлөрүн аткарууга чакырабыз.

Сак болуңуздар, сиздердин О!.

КР МТжБМК алдындагы МБА лицензиялары: «НУР Телеком» ЖЧКсы №16-0062-КР жана №16-0063-КР 06.12.2016-ж..