Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору Data engineering багыты боюнча акы төлөнүп берилүүчү стажировкага кабыл ала баштады. Бул студенттер жана бүтүрүүчүлөр үчүн ири маалыматтар менен иштөөгө киришүү, ошондой эле өлкөнүн алдыңкы телекоммуникациялык жана финтех-компаниясында практикалык тажрыйбага ээ болуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк.
О! компаниясында Data engineering багыты боюнча практика – бир эле тажрыйба менен жаңы билимдер эмес, бул – реалдуу эмгек акы. Стажёрлор айына 15 000 сом алышат. Бул сумма күнүмдүк кофе менен печеньеге гана эмес, такси акыларына да жетет.
О! мобилдик оператору акы төлөнүп берилүүчү стажировкалар аркылуу жаштарга колдоо көрсөтүү менен, өлкөнүн келечегине инвестиция салууда. Компания болочок адистерге билим алуу жана финансылык колдоого ээ болуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо аркылуу аларды даярдап чыгуу үчүн шарттарды түзүп берет.
Эмне үчүн Data engineering – бул абдан пайдалуу жана перспективалуу кесиппи?
Бүгүнкү күндө маалыматтарды «жаңы мунай» деп аташат. Алардын көлөмү күн санап өтүүдө, ал эми бизнеске маалыматтарды топтогонду, сактаганды, структуралаганды жана аларды чыныгы пайдага айландырганды билген адистер керек. Data engineer – бул иштелип чыга элек маалыматтар менен аналитиканын ортосунда «көпүрө» курган, машиналык окутуу системаларынын иштөөсүн камсыз кылган жана компанияга фактылардын негизинде чечим кабыл алууга жардам берген адис. Келечекте жогорку технологиялар дүйнөсү менен ири долбоорлорго жол ачкан жана суроо-талапка ээ боло турган кесиптердин бири.
· Практиканын мөөнөтү: жумасына 25 сааттан 2 ай, ийкемдүү график;
· Башталышы: 2025-жылдын 20-октябры;
· Практиканын жыйынтыктары боюнча мыкты талапкерлер үчүн компанияга жумушка орноштуруу жана ачык вакансияларга алууда артыкчылык берүү мүмкүндүктөрү каралган.
Өтүнмөнү кантип берет:
– анкета толтуруңуз; аны t.me/nurtelecom_td телеграм-каналынан көчүрө аласыз;
– толтурулган анкетаны 2025-жылдын 10-октябрына чейин tech_team@nurtelecom.kg почтасына жибериңиз;
– аңгемелешүүгө чакырууну күтүңүз.
Мыкты команданын бир бөлүгү болуу менен, маалыматтарды иштеп чыгуу жана анализдөө жаатында карьераңызды баштоо мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз.
«НУР Телеком» ЖЧКнын КР МТБМК караштуу МБА 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары.
Кеңсеге баруусуз бардык коддор менен О! премиалдык номери – акысыз алыңыз!
О! Мобилдик оператору маалымдайт
О! түйүнүндө жаңы 506 коду – белекке VIP-номер алуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз!
«Кайрат» – «Реал Мадрид» жана Чемпиондор лигасынын башка матчтары O!TVде
О! Мобилдик оператору маалымдайт
Бардык жаңылыктар