О! операторунун мобилдик 4G LTE интернети Кыргызстандын дагы 26 айылында ишке киргизилди

О! операторунун мобилдик 4G LTE интернети Кыргызстандын дагы 26 айылында ишке киргизилди

29.03.2019

Өлкөбүздө өтө тездик менен санариптештирүү жүрүп жатат, ал эми О! Мобилдик оператору мобилдик кеңири тилкелүү технологиянын камтуусун кеңейтүүнү талыкпай улантууда.

Бүт өлкө боюнча 4G LTE түйүнүн камтууну көбөйтүү боюнча масштабдуу долбоордун алкагында компания беш жүздөн ашуун айыл тургундарын жогорку ылдамдыктагы 4G-интернети менен камсыз кылды. Жакында эле техникалык адистер тарабынан аткарылган жумуштар жогорку ылдамдыктагы 4G LTE-интернеттин үзгүлтүксүз иштөөсүн дагы 26 калктуу пункттарында жолго койду:

  • Чүй облусу: Спартак;

  • Ысык-Көл облусу: Ак-Дөбө, Ак-Сай;

  • Жалал-Абад облусу: Өрүктү-Сай, Чоң-Курулуш, Интернационал, Чертак-Таш, Боз-Чычкан, Беш-Мойнок, Түрк-Маала, Бууракан, Жар-Таш, Чеч-Дөбө, Чоргочу, Көтөрмө,Сузак районундагы Жар-Кыштак, Ноокен районундагы Арал;

  • Ош облусу: Кара-Шоро, Арпа-Тектир, Первое Мая, Жаңы-Талап, Жийде, Ачык-Суу, Кара-Кулжа районундагы Кеңеш;

  • Баткен облусу: Кара-Суу, Лейлек.

«Төртүнчү муундун түйүндөрүнүн жогорку ылдамдыктагы мүмкүнчүлүктөрү кичи калктуу пункттарда абдан актуалдуу, анткени айылдарда мобилдик интернет глобалдык түйүнгө кирүүнү уюштуруунун эң мыкты, кээде бирден-бир гана мүмкүнчүлүгү болуп саналат. Биз шаар менен айылдын ортосундагы санариптик теңсиздикти төмөндөтүү боюнча республикалык программаны ишке ашырууга активдүү көмөк көрсөтүүбүздү улантуудабыз», – деп О! Мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко жаңы ишке киргизүүлөр тууралуу түшүндүрмө берди.

О! түйүнүнүн 4G/3G/2G стандарттарындагы толук камтуу картасы менен www.o.kg сайтынын Түйүн камтыган аймак бөлүмүнөн таанышса болот. Кыргызстандын башка облустарындагы байланыш сапатын жакшыртуу жана ылдамдыктарын көбөйтүү боюнча жаңылыктарды «О! түйүнүнүн өнүгүүсү» бөлүмүнөн табасыз.

Лидерден 4G сигналын күйгүз!

***

О! операторунун 4G LTE-түйүнү– Кыргызстандагы 4G/LTE камтуу жана сыйымдуулугу боюнча лидер.

 


Тизмеге кайтуу