О! Мобилдик оператору дагы  50 калктуу жерде 4G LTE стандартын жакшыртты

О! Мобилдик оператору дагы 50 калктуу жерде 4G LTE стандартын жакшыртты

05.07.2019

Кыргызстан калкынын 95%дан кѳбү бүгүнкү күндѳ О! операторунан 4G LTE  жогорку ылдамдыктагы байланыш стандарты менен камсыз болду. Муну менен бирге түйүндүн камтуу жана сыйымдуулук боюнча иштери үзгүлтүксүз уланууда.

Сан – бул сапат

Бул учурда сапатка базалык станциянын саны менен алардын жыштыгы таасир этет. Байланыш объектилери канчалык кѳп орнотулса, О! абоненттеринин байланыш сапаты менен интернеттин ылдамдыгы ошончолук жакшы болот. Жаӊы жабдуунун ишке киргизилиши тѳмѳнкү калктуу жерлердин жашоочуларына сапаттуу байланышты сезүүгѳ мүмкүндүк берет:

  • Чүй областы: Сокулук, Шалта, Ленинское, Үч-Эмчек, Таш-Башат, Тоолуу Маевка, Норус, Ичке-Суу, Кызыл-Бирдик, Ак-Жол, Беш-Күнгѳй, Комсомольское, Жаӊы-Пахта, Чаткѳл, Маловодное, Геодезист, Студенческое, Новопокровка, Таш-Дѳбѳ, Садовое, Кайырма, Виноградное айылдарында, ошондой эле «Алтын-Ордо» конушу менен «Приборист» дачаларынын аймагында.

  • Ысык-Кѳл областы: Каракол шаарында жана Барскоон, Чырак, Кабак, Кар-Ой, Ак-Булак, Ак-Булуӊ, Орто-Ѳрүктү, Чолпон, Жылдыз, Сары-Дѳбѳ, Григорьевка, Темировка, Теплоключенка, Боз Учук, Кажы-Сай, Бар-Булак, Талды-Суу айылдарында;

  • Нарын областы: Саз, Кадыралы, Кара-Суу, Арашан айылдарында;

  • Ош областы:  Ош шаарында жана Жетим-Дѳбѳ айылында;

  • Жалал-Абад областы:  Жалал-Абад шаарында жана Жай-Терек, Долоно айылдарында.

Жылдын башынан тартып, О! Мобилдик операторунан кеӊ тилкелүү 4G LTE мобилдик интернети ѳлкѳнүн 1200дѳн ашуун алыскы калктуу жерлеринде жашаган жүз миӊдеген кыргызстандыктар үчүн жеткиликтүү болуп калды. Тѳртүнчү муундагы түйүндүн сыйымдуулугун кеӊейтүү жана камтуусун чоӊойтуу боюнча масштабдуу техникалык долбоор уланууда.  

О! түйүнүнүн 4G/3G/2G камтуу картасы менен  www.o.kg сайтынын Зона охвата бѳлүмүнѳн таанышууга болот. Кыргызстандын башка областтарындагы О! түйүнүнүн байланыш сапатын жогорулатуу багытындагы жаӊылыктарын «Развитие сети» бѳлүмүнѳн таба аласыздар.

Лидерден 4G түйүнүнѳ туташ!


Тизмеге кайтуу