О! абоненттери үчүн 4G LTE технологиясы базалык болууда

О! абоненттери үчүн 4G LTE технологиясы базалык болууда

19.11.2019 О! Мобилдик оператору маалыматтарды жогорку ылдамдыкта өткөрүүнүн популярдуулугу өсүп жаткандыгын белгилейт.

О! Мобилдик операторунун колдонуучулары 2019-жылы мурунку жылга караганда 70%дан ашуун маалыматтарды жүктөп алышкан, айрыкча трафиктин ири бөлүгү (80%дан ашууну) төртүнчү муундун түйүнү аркылуу өткөн. Жалпысынан О! түйүнүндөгү LTE трафиги бир жылдын ичинде 2 эсеге өскөн. Өлкөдөгү төртүнчү муундагы эң ири түйүндү активдүү жайылтуу улантылууда. 4G LTE түйүнүнүн сыйымдуулугу менен камтуусун көбөйтүү боюнча жумуштарга аймактардагы дагы 60тан ашуун калктуу конуштар киргизилди:

• Чүй облусу: Бишкек шаарында, Рассвет, Садовое, Вознесеновка айылдарында, «Өскөн Ордо» жаңы конушунун районунда;

• Талас облусу: Шекер жана Покровка айылдарында;

• Жалал-Абад облусу: Жалал-Абад шаарында, Кызыл-Туу, Кара-Суу, Чарба, Жүзүмжан, Ажек, Бостон, Багыш, Кедей-Арык, Октябрьское, Беш-Бала, Кызыл-Туу, Ничке-Сай, Чеч-Дөбө, Чоргочу, Кызыл-Ураан, Терс, Нарын, Октябрьское, Беш-Бала, Таш-Булак, Келте, Кош-Алмурут, Кош-Терек, Ызар, Көк-Алма, Өгөн-Талаа, Бостон, Ак-Баш, Гавриловка, Благовещенка айылдарында;

• Ош облусу: Ош, Кара-Суу шаарларында, Курманжан Датка, Кара-Булак, Таш-Короо, Кан-Коргон, Кайың-Талаа, Кызыл-Жар, Жаңы-Талаа, Калматай, Көңдүк, Ой-Тал, Кайың-Талаа, Кызыл-Жар, Жаңы-Ноокат, Мырза-Аке, Бабыр, Мичурино, Бакмал, Бөксө-Жол, Жаңы-Турмуш, Кең-Жылга, Сай, Гайрат, Жаңы-Ноокат айылдарында. Мындан тышкары, Алай районундагы Ленин чокусундагы базалык лагердин аймагында сигналдын көрсөткүчтөрү жакшыртылды.

- Биз алдыбызга амбициялуу милдетти койдук – калкты добуштук байланыш менен камтуу менен салыштыргандай 4G LTE түйүнү менен камтуусун камсыз кылуу. Бүгүн эле бул иштердин олуттуу натыйжаларын көрүп жатабыз: биздин команда биринчи жарым жылда бүт өлкө боюнча 1300дөн ашуун калктуу конуштарда жумуштарын аяктады. data-кызматтарга болгон керектөөчүлүк талаптар эселеп өсүүдө, ал эми LTE технологиясы биздин абоненттер үчүн базалык болуп калды, – деп белгиледи О! Мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко.

Бүгүнкү күндө О! түйүнүнүн 4G LTE баазсындагы интернет-кызматтарынан Кыргызстандын калкынын 96%ынан ашууну колдоно алышат.

Лидерден 4G сигналын күйгүз!




Тизмеге кайтуу