Жогорку ылдамдыктагы 4G LTE интернет: кайсы жерлерде О! түйүнүнүн сыйымдуулугу менен камтуусу кеӊейтилгендиги тууралуу

Жогорку ылдамдыктагы 4G LTE интернет: кайсы жерлерде О! түйүнүнүн сыйымдуулугу менен камтуусу кеӊейтилгендиги тууралуу

10.09.2020

Окуу жылынын аралыктан окутуу режими менен башталуусунан улам, кайрадан жүктѳлгѳн гигабайттар менен добуштук трафиктин ѳсүшү ишке ашты. Бирок О! мобилдик операторунун түйүнү мындай абалга алдын ала даярдык кѳргѳн.

Кыргызстандын президенти тарабынан «Аймактарды ѳнүктүрүү, ѳлкѳнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» деп жарыяланган 2020-жылы О! операторунан жогорку ылдамдыктагы 4G LTE мобилдик интернет Кыргызстан калкынын 98%дан кѳп бѳлүгүнѳ жеткиликтүү болсо, балдар – окуу үчүн акысыз кызматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнѳ ээ болушту.

Ѳткѳн айда түйүндүн сыйымдуулугу 4G стандартынын диапазонунда кыйла кеӊейтилди. Ѳлкѳнүн калк жыш жайгашкан айыл аймактарына жана маанилүү жүктѳмгѳ ээ жерлерге кѳбүрѳѳк басым жасалды. Жакшырууну тѳмѳнкү калктуу аймактардын жашоочулары сезе алышты:

  • Чүй областында: Бишкек, Кант шаарлары, ошондой эле Сүймѳнкул Чокморов жана Жаӊы-Жер айылдары;
  • Ысык-Кѳл областында: Кара-Ой, Фрунзе, Талды-Суу, Чок-Тал айылдары;
  • Талас областында: Талды-Булак, Ак-Коргон, Кѳк-Токой, Биринчи май, Жоон-Дѳбѳ, Сулуу-Маймак, Кѳк-Ой, Сасык-Булак айылдары;
  • Нарын областында: Семиз-Бел айылы;
  • Жалал-Абад областында: Жалал-Абад шаары, Кызыл-Жар шаарчасы, Авлетим, Коргон, Байкашка-Терек, Баястан, Кѳк-Алма, Огон-Талаа, Массы, Талаа-Булак, Терек-Сай, Атана, Чие, Сузак, Бирлешкен, Тѳлѳкѳ, Жаӊы-Айыл, Апыртан, Атана, Кара-Жыгач айылдары;
  • Ош областында: Ош, Ноокат, Кара-Суу шаарлары, Араван, Янги-Абад, Кыргыз-Чек, Асанчек, Кара-Дѳбѳ, Эркин, Октябрь, Ана-Кызыл, Бостон, Ара-Кѳл, Кызыл-Байрак, 15 Жаш, Мады, Ана-Кызыл, Бостон, Каарман, Учкун, Маданият айылдары;
  • Баткен областында: Кызыл-Кыя шаары, Восточный шаарчасы жана Булак-Башы, Раззаков, Кулунду, Жал, Жаӊы-Коргон, Кош-Булак, Самат, Мырза-Патча айылдары.

«Азыр да, обочолонуу учурундагыдай эле, абоненттердин кѳбү иштеп, аралыктан окуп жатышат, оор видеолорду кѳрүүдѳ, мессенджерлер менен стримингдик кызматтарды активдүү колдонууда. Бүгүнкү күндѳ трафикти керектѳѳнүн ѳсүшү биз үчүн кандайдыр бир ѳзгѳчѳлүк болуп эсептелбейт», - деп белгилейт О! мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко. – Ошентсе да биз абалдын ѳнүгүүсүн кѳзѳмѳлдѳѳнү улантуу менен абоненттердин жайлуулугун кѳз жаздымда калтырбастан, жеке пландарыбызды тууралап жатабыз». 

Кененирээк маалымат жана камтуу аймагы менен o.kg сайтынан таанышууга болот.


Тизмеге кайтуу