96 кыргызстандык лотереядан смартфон утуп алды. Ойнотуулар уланат!

22.04.2021

Жума сайын 16 кыргызстандык «Жазгы драйв» лотереясынан смартфон утуп алууда. Жалпысынан 31-майга чейин 200 Tecno смартфону жана 3 жаӊы Hyundai автоунаасы ойнотулат. Ойнотууга ар бир каалоочу катыша алат.

Жеӊүүчүлѳрдүн арасында ѳлкѳбүздүн ар кайсы шаарларынын: Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Талас, Нарын, Каракол жана башка шаарлардын тургундары бар.

Лотереяга катышуу үчүн билеттер тѳмѳнкү аракеттер үчүн берилет:

  • Балансты 200 сомго жана кѳбүрѳѳккѳ толуктоо;

  • O!Store дүкѳндѳрүнѳн сатып алуу;

  • «Мой О!» тиркемесине катталуу;

  • «О!Деньги» капчыгын идентификациялоо жана толуктоо.

Мындан тышкары, билеттерди жеӊүүчүлѳрдүн бири Александр Пащенко сыяктуу кызматтарды «О!Деньги» капчыгы аркылуу тѳлѳѳ үчүн дагы алууга болот.

«Утушка ээ болгон учурда менде 225 билет бар болчу. Алардын кѳбүн «О!Деньги» аркылуу эсептерди тѳлѳѳ үчүн алгам. Капчыкты эки жылга чукул убакыттан бери колдонуп келем. Негизи эле, тиркеме, айрыкча, андагы онлайн тѳлѳѳ мүмкүнчүлүгү мага жагат. Globus дүкѳндѳр тармагынан соода кылганда, ошондой эле үйдүн жана кеӊсенин коммуналдык кызматтары үчүн эсептерди тѳлѳгѳндѳ кѳп колдоном.

Мага абдан жакты, ойнотууга катышып, мындай байгелерди утуп алууга мүмкүнчүлүк берип жаткандыгы үчүн О! компаниясына чоӊ ыраазычылык билдирем», –– дейт Александр.

Дагы бир бактылуу жеӊүүчү Алымбек Абдыкадыров МКСдан май куйгандыгы үчүн билеттерге ээ болгон.

«Алгач таӊ калып, ишенген жокмун. Мына бүгүн белекти алганы келдим, кѳрсѳ чын экен. Адатта Red Petroleum май куюучу станциясынан «О!Деньги» аркылуу тѳлѳм жүргүзѳм. Билеттерди ушинтип топтогом. Баарыӊарга рахмат!».  

Азиз Абдупатиев үчүн лотереядан утуп алуу дагы бир үй-бүлѳлүк кубанычка туш келген:

«Мен мага лотерея билеттери берилгени жѳнүндѳ SMS алгам. Кызымдын үлпѳт тоюнда мына бул телефонду утуп алдым! Ушундай белекке ээ болдум».

Смартфондордун бактылуу ээлери бардык катышуучуларга ийгиликке ишенип, утушка жетүүлѳрүн каалашат.

«Мага телефон чалып, утуп алганымды айтышты. Сүйүнгѳнүмѳн эмне деп айтарымды билбей калдым. Силерге чоӊ рахмат. Күмѳн санап жаткандарга бул чындык экенин айтып кетким келет! Катышкыла жана уткула! Ал эми телефонду апама белек кылам», –– деп бѳлүштү Мѳлтүр Бердалиева.

Смартфондорду жакын арадагы ойнотуу 26-апрелде ѳтѳт.

Ал эми 3-майда жаӊы Hyundai Elantra автоунаасынын бактылуу жеӊүүчүсү аныкталат.

drive.o.kg сайтына кириӊиз да, утуп алуу мүмкүнчүлүгүн ѳткѳрүп жибербеӊиз!

Ойнотуунун расмий ѳнѳктѳшү – Hyundai Центр Кыргызстан.

04.03.2021-ж. №194 лотерея ойнотуу уруксаты. Ѳткѳрүү мезгили: 7.03.2021-ж. – 31.05.2021-ж. Бардык смартфондор тастыкталган. «О!Деньги» сервиси кызматтардын жеткиликтүү тизмесинин алкагында «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан кѳрсѳтүлѳт. КРУБ №2021030817, №3022030817 лицензиялары.


Тизмеге кайтуу