O!Store дүкөндөрүндө акция – Huawei смартфонун сатып ал да, баланска 600 сомго чейин ал!

30.08.2017

О! мобилдик оператору жана Huawei компаниясы өз кардарларын жаӊы бонустар менен сүйүнтүүнү улантып жатат. Атайын Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата 30-августтан тартып жаӊы акция башталды.

2017-жылкы Y сериясындагы каалаган Huawei 4G-смартфонун сатып алыӊыздар жана мобилдик эсепке 600 сомго чейин белекке алыӊыздар. Алган бонустарды О! түйүнүндө мобилдик байланышка же тез 4G интернетке сарптоого болот.

Смартфондун модели

Баасы

Белек

Huawei Y3

6 990 с.

200 сом  БОНУС

Huawei Y5

8 990 с.

400 сом  БОНУС

Huawei Y7

12 900 с.

600 сом БОНУС

2017-жылкы Y тизмегиндеги Huawei 4G-смартфондорунун жаӊыланган тизмеги мурункудан да ылдам. Бул телефондор операциондук тутумунун иштешин жакшырткандыктан активдүү режимде мурункудан узак иштейт. Бүгүнкү күнү бул смартфондор техникалык параметрлеринин өзүнүн баасына карата катышы боюнча мыктылардын бири деп саналат. O!Store-дон сатып алынган Huawei мобилдик телефондоруна 1 жылга расмий кепилдик бар. Бул түзүлүштөрдүн кенен мүнөздөмөсү shop.o.kg сайтында жеткиликтүү, ал жактан кенен маалымат бар видеобаяндарды табасыздар. Акыры кайсы смартфонду  тандоо керектиги үчүн бүткүл өлкө боюнча жайгашкан O!Store дүкөндөрдүн бирине барып чечсеӊиз болот. Ал жакка барып, сатып алардан мурда сөзсүз камеранын мүмкүнчүлүктөрүн жана ал колдо канчалык ыӊгайлуу экендигин текшерип көрүӊүз. Тажрыйбалуу кеӊеш берүүчүлөр сиз кызыккан бардык суроолорго жооп берет.

Жаккан смартфнду дароо үйдөн shop.o.kg-ден тапшырык кылууга болот. Сиз минтип өз убактыӊызды жана акчаӊызды үнөмдөй аласыз.

Акциялар жөнүндө, ошондой эле бардык O!Store дүкөндөрүнүн даректерин О! мобилдик операторунун сайтынан www.o.kg билүүгө болот.

О!Store — сенин ийгиликтүү сатып алууӊ!


Тизмеге кайтуу