O!Store дүкөнүндө акция: Болгону 1 сомго бир айга акысыз байланыш жана телефон

22.02.2019

Ош, Нарын жана Чүй облустарынын бир катар калктуу пункттарынын тургундары үчүн Акция. Болгону 2 гана күн – 2019-жылдын 23-24-февралы!

Акция боюнча төмөнкүлөрдү алса болот:

  1. Акысыз SIM-карта;

  2. Толук бир айга акысыз байланыш жана чексиз мобилдик интернет белекке; Акысыз мөөнөт аяктаган соң, байланыш кызматы «Сенин нөлүң 30» тарифинин стандарттык шарттарында көрсөтүлөт.

  3. Болгону 1 сомго эки симкалуу Jinga телефону.

Кантип катышуу керек

  • Beeline же MegaCom коду менен өзүңүздүн номерден 0702 702 772 номерине чалыңыз жана тутумдун оң жообун күтүңүз.

  • Болгону 1 сомго телефонду алуу үчүн бир жолку төлөм аркылуу О! түйүнүндөгү номериңиздин балансын 500 же андан ашык суммага толуктаңыз жана “Сенин нөлүң 30” тарифин кошуп алыңыз. Акциянын алкагында толукталган акча каражаттарын байланыш кызматтарына гана колдонсо болот жана «О!Деньги» сервисинин алкагында пайдаланууга болбойт.

Акцияга катышуу менен, абонент  каалаган премиум номерин премиум номерлердин кадимки баасынан – 50% АРЗАНДАТУУ менен сатып алууга кошумча мүмкүнчүлүк алат!

О! кеңсесине же O!Store дүкөнүнө кайрылган учурда, өзүнүн ким экенин күбөлөндүргөн документин жанында алып жүрүү керек (паспорт, айдоочу күбөлүгү же аскердик билет).

Акция жүрүп жаткан O!Store дүкөндөрүнүн тизмеси:

  • Ош облусу – Ош шаарынын даректери көрсөтүлгөн төрт дүкөнүндө;: Масалиев пр.16Б; Курманжан Датка көч., 256 (Араванская); Курманжан Датка көч., 350 (ориентир: Шайт-Топе району) жана  Монуев көч.,138; Араван, Гүлчө, Дароот-Коргон, Кара-Кулжа, Куршаб айылдарында, Ноокат, Өзгөн шаарларында, ошондой эле Кара-Суу шаарынын эки дүкөнүндө;

  • Нарын облусу – Ат-Башы, Казарман, Чаек айылдарында, Кочкор шаарында жана Нарын шаарынын эки дүкөнүндө;

  • Чүй облусу – Ивановка, Сокулук, Александровка, Беловодское айылдарында, Кемин шаарында жана Кара-Балта шаарынын эки дүкөнүндө.

Акцияга Jinga Simple 2.4 телефондору киргизилген, товардын саны чектелүү. Телефондун техникалык өзгөчөлүктөрү тууралуу толук маалымат -ostore.kg сайтында. Телефондордун конкреттүү дүкөндөрдө бар экендигин 0705 007 000 телефону аркылуу тактап алса болот.

 

 


Тизмеге кайтуу