Жаңы жылга 18 күн калды – белектер үчүн O!Store дүкөндөрүнө келиңиздер!

14.12.2022

Жылдын башкы майрамдык түнүнө эки жумадан көбүрөөк убакыт калды – чынында бул убакыт жакындарыбыз менен досторубузга белек камдоо үчүн өтө эле аз.

 

Азыркы тапта O!Store тармагында популярдуу смартфондорго атайы акция старт алды. Болгону 7 гана күн Infinix HOT 10i, Xiaomi Redmi 9C, Samsung A03, Tecno Spark 8C смартфондоруна 7% арзандатуу жүрөт.

Финансыңызды гана эмес, күч-кубатыңыз менен убактыңызды да үнөмдөңүз – Бишкектин ичинде акысыз жеткирүү менен смартфонго буйрутма бериңиз.

Буга азыртан кам көрүү менен, акчаңызды да үнөмдөйсүз, жаңы жылдык дүрбөлөңгө да туш болбойсуз. Ал эми майрамга аз күн калганда, кезекте туруп, убакыт өткөрбөстөн, жагымдуу иштер менен алектене аласыз. 

Мындан тышкары, автоунаа үчүн каалаган заряддоочу түзүлүштү 20% арзандатуу менен алсаңыз болот.

O!Store дүкөнүнөн каалаган смартфонду төлөмдөрдү өзүңүз үчүн ыңгайлуу чакан суммаларга бөлүп, 9 айга чейин бөлүп төлөө менен алууга боло турганын эскерте кетмекчибиз.

Кененирээк маалыматты 0 705 007 000 телефону аркылуу же ostore.kg сайтынан алыңыз.

Акцияны өткөрүү мөөнөтү 14.12.2022-жылдан 20.12.2022-жылга чейин (камтуу менен) уланат. Infinix HOT 10i 2/32 GB, Xiaomi Redmi 9C 2/32 GB, Samsung A035 (A03) 3/32 GB, Tecno Spark 8C 4/128 GB смартфондоруна 7% арзандатуу каралган. Акция O!Store дүкөндөрүнүн баарында өтөт. Кредит «Дос-Кредобанк» ААК тарабынан берилет. Банк кредит берүүдөн баш тартууга укуктуу. «Дос-Кредобанк» ААК КРУБ №037 лицензиясы. Товар тастыкталган.


Тизмеге кайтуу