О! төлөм терминалдарындагы толуктоо шарттарынын өзгөрүүсү
2021-жылдын 15-январынан тартып фирмалык брендделген О! терминалдарынан О! байланыш кызматын төлөгөндө жана «О!Деньги» капчыгын толуктаганда комиссия бардык салыктарды эске алуу менен 3 сомду түзөт. Кызмат «Грин Телеком Сервис» ЖЧК төлөм мекемеси тарабынан көрсөтүлөт.
Белгилей кетсек, О! байланыш кызматтарын төлөө же «О!Деньги» электрондук капчыгын толуктоо O!Storе дүкөндөр тармагында жайгашкан фирмалык терминалдарында мурункудай эле комиссиясыз жүрөт.
Төлөмдөрдү кабыл алуунун шарттарынын өзгөрүүсү кызматты көрсөтүп жаткан төлөм мекемесинин ири терминалдык түйүндүн техникалык тейлөөсү, сактыгы, инкассациясы, соода түйүндөрүндө жана жайларда терминалдарды орнотуу боюнча ижара акысы менен бирге башка чыгымдарына байланыштуу муктаждыктардан келип чыкты.
Бардык O!Store дүкөндөрүнүн даректерин o.kg сайтынан билсе болот.