Электросамокатты кантип тандаса болот: кеңештер, өзгөчөлүктөр, баалар

24.05.2022

Электросамокат — бул жөн гана көңүл ачуу эмес, бир катар параметрлери менен кадимки велосипедден ашып кеткен транспорттун ыңгайлуу жана экологиялык бир түрү болуп саналат. Биз чоң кишиге жакшы электросамокатты тандоо боюнча кеңештер менен бөлүшөбүз.

O!Store дүкөндөр тармагында сиз ар түрдүү кубаттуулуктагы жана көлөмдөгү, бардык бой жана салмакка ылайыктуу электросамокаттарды таба аласыз.

Самокаттын ылдамдыгы

Ылдамдык саатына 10 чакырымдан 100 чакырымга чейин өзгөрүлөт. 90% самокаттар туура келген орточо самокаттын ылдамдыгы саатына 30 чакырымга чейин жетет. 30 чакырымга чейинки ылдамдыктагы электросамокаттын бардык моделин башкаруу жайлуу жана жагымдуу, мындай ылдамдыкта айдаганда жайлуулук жана ишенимдүүлүк сезилет. Кээде көбөйтүп койсо да болот: саатына 35 жана кээде 40-45 чакырымга чейин. Бирок бул маанилердин чегинен ашпооңуздарды сунуштайбыз.

Кыймылдаткычтын кубаттуулугу

·       300 Вт чейин — 80 кг салмакка чейин кыздар жана өспүрүмдөр үчүн;

·        300 Вт чейин — ылдамдыкты сүйүүчүлөр жана салмагы 80 кгдан ашык болгон кишилер үчүн.

Дөңгөлөктүн ичиндеги электр кыймылдаткычы канчалык кубаттуу болсо, батыраак ылдамдап, өрүүгө чыгуу үчүн тартуучу күчү көбөйөт. Бул чоң салмактагы – 80 кгдан ашык кишилер үчүн актуалдуу. Жеңил салмактагылар үчүн 300 ВТ кубаттуулугу жетиштүү болот. Мындай кыймылдаткыч ордунан жай жылууга жана батареяны да азыраак сарптоого мүмкүнчүлүк берет.

Дөңгөлөктөрдүн диаметри

Дөңгөлөктөр түрдүү диаметрде болот: 3 дюймдук миниатюралык көлөмдөн 14 дюймдук эбегейсиз чоң көлөмгө чейин. Дөңгөлөктүн диаметри канчалык чоң болсо, электросамокатта жүрүү ошончолук жумшак жана аны башкаруу оңой, бирок анын салмагы оорураак болот. Диаметри 8 дюйм болгон дөңгөлөктөр бул жердеги абсолюттук орточо дөңгөлөктөр болуп саналат. Экинчи орунда 10 дюймдук диаметр турат.

Сиз кайсы жерде айдай турганыңызга көңүл буруңуз:

·      7 дюймга чейинки дөңгөлөктүү самокаттар түз асфальтта айдоо үчүн сунушталат.

·       8-10 дюймдук дөңгөлөктүү самокаттар кыймылдаткычка жана батареяга оор жүктөмдү алып келбестен асфальтта, таштак жолдордо, нымдуу жана салыштырмалуу жумшак жерлерде мыкты жүрүшөт.

O!Store дүкөндөрүнө келиңиз, сизге идеалдуу вариантты тандап беришет.

Бардык самокаттарга өндүрүүчүнүн кепилдиги бар – 6 ай.

O!Store  дүкөндөрүндө каалаган моделди баштапкы төгүмсүз жана ашык төлөмдөрсүз айына 4362 сомдон баштаган бөлүп төлөөгө сатып алуу каралган.

Сиздин ыңгайлуулугуңуз жана коопсуздугуңуз үчүн керектүү аксессуарларды: шлем, баштык жана отургучту кошумча сатып алсаңыз болот.

ostore.kg сайтынан же 0 705 007 000 телефону аркылуу керектүү моделдин бар экендигин тактап жана электр самокатына тапшырык бере аласыз.

Товар тастыкталган, товардын саны чектелүү. Кредит «Дос-Кредобанк» ААК тарабынан берилет, банк кредит берүүдөн баш тартууга укуктуу. «Дос-Кредобанк» ААК КР УБ лицензиясы:№037. 


Тизмеге кайтуу