О!нун командасы гольф боюнча турнирде биринчи орунду ээлешти
28.09.2016
О! мобилдик операторунун өкүлдөрү гольф боюнча турнирде биринчи орунду ээлешти, ал 25-сентябрда «Кленовый лист» клубунда болуп өттү. Бул иш-чараны уюштуруучу болуп Кыргызстандын Байланыш операторлорунун ассоциациясы саналат.
Турнирге ар түрдүү компаниялардан келген командалар катышышты, алар Кыргызстандын Байланыш операторлорунун ассоциациясынын мүчөлөрү. Оюндун жыйынтыгында байге орундары төмөнкүчө бөлүштүрүлдү:
1-орун — О! мобилдик операторунун командасы!;
2-орун—Megaline командасы;
3-орун —Megacom командасы.
О!дон юридикалык кызматтын жетекчиси Руслан Онолбеков жана долбоорлор боюнча менеджер Денис Антанайтис катышышты. Жеңүүчүлөр кубокко ээ болушту.