O!Store дүкөнүнөн каалаган INOI смартфонун сатып ал да, дагы бир телефонду БЕЛЕККЕ ал

02.10.2020

O!Store дүкөндөр тармагында INOI маркасындагы каалаган смартфонун сатып алган учурда экинчи INOI239 баскычтуу телефонду акысыз аласыз!

INOI маркасы бизнес үчүн корпоративдик смартфондор катары туруктуу пикир жаратып келүүдө. Мындай аппараттар курьерлерге же айдоочуларга экинчи же үчүнчү телефон катары, мейманга келгендерге жергиликтүү SIM-картаны тагуу үчүн, ошондой эле жөнөкөйлүктү издегендер менен ашыкча кооздуктарды жактырбагандарга ыңгайлуу болот. Бардык моделдердин маңдайкы жана селфи-камерасы бар, ал эми жакшы процессор ойногонго, фильмдерди көргөнгө, интернетте түрдүү сайттарга кирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Алардын баасы 4290 сомдон башталат жана 6590 сомдон ашпайт.

Акцияга бардык INOI 2INOI 3INOI 5iINOI 5XINOI 7i, INOI 5 2020, INOI 7 2020 моделдери киргизилген. Каалаганын тандаңыз жана INOI239 смартфонун БЕЛЕККЕ алыңыз!

INOI239 белек смартфону

Бул мезгилден тышкары баскычтуу телефон. Аппарат ишенимдүү, көпкө чейин чыдайт жана бышык. Дал ушундай телефондорду чоң аталарга, чоң энелерге жана кичине балдарга издешет. Ал минимализм стилиндеги жагымдуу дизайнга ээ. Иш боюнча жана жеке контакттарды ыңгайлуу бөлүп алуу үчүн эки SIM-картаны бир убакта колдонсо болот, ал эми телефонду үч-төрт күндө бир заряддайсыз! Телефондо колчырак, жөнөкөй оюндары менен бөлүм, FM-радио жана MP3 плеер бар. Ичиндеги ойноткуч популярдуу форматтардагы аудио жана видеофайлдарды угуу менен көрүүгө жардам берет, аларды сактоо үчүн 16 ГБ чейинки эстутум картасын колдонсо болот.

Акция боюнча товардын саны чектелүү экендигине көнүлүңөрдү бурабыз, ал эми акциянын мөөнөтү 2020-жылдын 1-октябрынан 30-ноябрына (камтуу менен) чейин.

Толук маалыматты 0705007000 номеринен же ostore.kg сайтынан алсаңыз болот.


Тизмеге кайтуу