O!Store дүкөнүнөн 2 аксессуар сатып алыңыз – үчүнчүсүнө АКЫСЫЗ ээ болуңуз!

01.10.2020

O!Store дүкөндөр тармагынан 2+1 күзгү акциясы жана жөнөкөй арифметика – сиз 2 аксессуар сатып аласыз да, үчүнчүсүн БЕЛЕК катары аласыз!

Бул коргоочу айнектер же автоунаалар үчүн смартфондорду кармагычтар сыяктуу жагымдуу майда-барат буюмдар болушу мүмкүн. Портативдик заряддоочу түзүлүштөр же дагы бир кулакчын ар дайым керек. Жеңил колонкалар менен жаратылыш койнунда сейилдөө же достор менен отуруштар шаңдуу да, музыкалуу да болот. Албетте, бүгүнкү күндө пульстун тездигин жана кандын кычкылтек менен каныгуусун каалаган убакта өз алдынча ченеп алууга мүмкүнчүлүк бере турган пульсоксиметрди сатып алуу актуалдуу болуп саналат.

Шашылгыла! Акция 2020-жылдын 1-октябрынан 30-октябрына (камтуу менен) чейин Кыргызстандагы O!Store дүкөндөрүндө жүрөт. Ага 1000 сомго чейинки бардык аксессуарлар киргизилген, мында белек аксессуардын баасы сатып алынган эки аксессуардын баасынан ашпашы керек.

O!Store дүкөндөрүнүн консультанттары ostore.kg сайтында дагы сиздерге акция тууралуу толук маалымат беришип, бардык керектүү буюмдарды тандоого көмөк көрсөтүшөт.  

 


Тизмеге кайтуу