2023-жылдын оюндарга арналган мыкты смартфондору

12.05.2023

Оюн приставкаларынын ордуна кадимки смартфондордун колдонула баштаганына көп болду. Тез реакцияны талап кылган оюндарга сенсордук экран абдан ыңгайлуу болуп чыкты. Геймерлер үчүн атайы тарифтер, маселен, О! Мобилдик операторунун Gamer тарифи чыгарылса, телефондорду иштеп чыгуучулар оюнга арналган смартфондорду жаратууда. Аларга өндүрүмдүүлүгү жогору «темир» жана оюн учурунда девайсты «тездетүүчү» атайы ПК орнотулат.  

O!Store геймерлер тарабынан артыкчылык берилген ТОП-3 смартфонду сунуштайт:

Xiaomi POCO X5 Pro 5G заманбап колдонуучунун башкы муктаждыктарын «жабат». Тагыраагы:

  • Өнүрүмдүүлүк. Ал үчүн 6/8 ГБ оперативдик эстутум, 128/256 ГБ топтогуч жана флагманга чейинки деңгээлдеги Snapdragon 778 5G чипсет жооп берет.

  • Караңгыда дагы комфорттуу ойноо мүмкүндүгүн камсыздоочу ЭИМсиз жарык экран.

  • Автономдуулук. Батареясынын кубаттуу өлчөмү – 5000 мА*ч + кулакчынарды же фитнес-билерикти заряддоого жардам берген кайтарым заряддоо функциясы.

  • Фотокамералар. 108 МП камерага 4К съёмка кошулган, ал эми MIUI 14 оболочкасы фото иштеп чыгуунун алдыңкы катардагы алгоритмдерин камсыздайт. 16 МП селфи-камера.

Смартфондун толук баасы – 31800 сом (бөлүп төлөөгө айына 1616 сомдон баштап жеткиликтүү).

Tecno Pova Neo – жогорку деңгээлдеги 6000 мА*ч аккумулятор жана оюн процессин ылдамдатуучу тутум менен жабдылган.

  • Кызыктуу функциялардын ичинде – үндү өзгөртүү бар. Оюн учурунда түз трансляция жүргүзүп жатып, түрдүү каармандардын ролун аткара аласыз.

  • Смартфондогу дагы бир пайдалуу чечим Vault 2.0 деп аталат. Аны менен фотогалереяларды жана тиркемелерди кошкондо, өзүңүз тууралуу маанилүү маалыматтарды бөтөн кишилерден жашыруу мүмкүндүгүнө ээ болосуз.

  • Дагы бир тиркеме – Peek Proof. Бул телефондун экранындагы маалыматты жаныңыздагы кишилер окуй албай турган режим. Сиздин экранга эч ким баш багып, карай албайт.

Смартфондун толук баасы – 14900 сом (бөлүп төлөөгө айына 757 сомдон баштап жеткиликтүү).

Realme 9 Pro+ – кубаттуу чип, виртуалдуу ОЗУ жана камерасында оптикалык турукташтыруусу бар түзүлүш. Оюн хабы аркылуу сезгичтикти кол менен жөндөй аласыз. Орнотулган эстутумдун эсебинен ОЗУ көбөйткөн Dynamic RAM Expansion технологиясы жеткиликтүү. Аталган мүнөздөмөлөр Realme 9 Pro+ смартфонун көлөмдүү оюндар менен тиркемелер, бир эле учурда көп сандагы вкладкаларды ачуу жана башка аракеттер үчүн тез иштөөчү көп функциялуу аппаратка айлантат. Аппарат Genshin Impact, PUBGM же Diablo сыяктуу көлөмдүү популярдуу оюндарды оңой эле көтөрөт.

Смартфондун толук баасы – 33900 сом (бөлүп төлөөгө айына 1723 сомдон баштап жеткиликтүү).

+20 ГБ жогорку ылдамдыктагы интернет белекке!

Смартфонго үйдө отуруп эле, ostore.kg сайтынан буйрутма бериңиз. Онлайн буйрутма берген учурда, +20 ГБ жогорку ылдамдыктагы интернет белекке берилет. Бишкек шаарынын ичинде жеткирүү – акысыз. Смартфонду бөлүп төлөөгө же кредитке дагы онлайн жолжоболоштуруу мүмкүн - https://ostore.kg/kg/online.php шилтемеси аркылуу форманы толтуруңуз. Сурап-билүү телефону: 0705007000.

Баалар жарыяланган мезгилге карата актуалдуу. Кредит «Дос-Кредобанк» ААК тарабынан берилет. Банк кредит берүүдөн баш тартууга укуктуу. «Дос-Кредобанк» ААК КР УБ № 037 лицензиясы. КР МБТМК караштуу МБА лицензиялары: «НУР Телеком» ЖЧК №16-0062-КР, №16-0063-КР.


Тизмеге кайтуу