О! Мобилдик оператору жаңы жылдык жүктөмдөргө даяр экендигин кабарлайт

29.12.2017

Жыл сайын О! Мобилдик оператору алдын ала күчтүү даярдыгы менен майрамдык “туу чокуну” татыктуу ашып келет. Ошентип, О!нун абоненттери 2016-жылы 2 күн бою 31-декабрь жана 1-январь күндөрү мобилдик интернеттин терабайттарын пайдаланышып, миллиондогон чалууларды жүргүзүшкөн. Быйыл дагы компаниядан түйүндүн жогорку чектеги жүктөмдөргө даяр экендигин билдиришти.   

Компаниянын инженерлери абоненттердин жайлуу баарлашуулары үчүн түйүндө керектүү ырастоолорду жана  добуштук сыйымдуулуктарын, ошондой эле маалыматтарды (Интернеттин) берүү каналдарын кеңейтүүнү ишке ашырышты. Бир жыл мурунку абалга салыштырмалуу куранттар каккан учурда абоненттерди тейлей турган 4G базалык станциялардын саны эки эсеге көбөйдү, ал эми өлкө боюнча базалык станциялардын сыйымдуулугу 2,5 эсеге кеңейтилди. Жүздөгөн жаңы базалык станциялар курулду, иштеп жаткан жабдуулар жаңыртылды. Жаңы жылдык түндө О! Мобилдик операторунун адистеринин нөөмөт тобу нон-стоп режиминде иштейт.

О! Мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко:

«Биз ар түрдүү кызматтардын – интернет, добуштук, SMS  кызматтарынын ортосундагы жогорку чектеги жүктөмдөрдүн өз ара бөлүштүрүү тенденциясын белгилесек болот. Эгер 2 жыл мурун кыргызстандыктар  жаңы жылдын алгачкы сааттарында майрамы менен бири-бирине көбүрөөк чалып куттукташкан болсо, былтыркы жылы добуштук аквтидүүлүктүн жогорку чеги анча сезилген жок. Мындан тышкары, майрамдык баарлашуунун маанилүү бөлүгү акырындык менен интернетке өтүп кетти. Баары бир, жаңы жылдык учур биз үчүн – бир күндө эмес, түйүндү куруп, пайдубалын түптөө менен бир жыл бою даярданган бекемдигибиздин айрыкча сыноосу болуп саналат.  Биздин жасаган бардык иштерибиз жаңы жылдык түндө абоненттерге жайлуу баарлашууну камсыз кылат».

О! Мобилдик оператору баарыңыздарга бактылуу Жаңы жыл каалайт!

 


Тизмеге кайтуу