О! Мобилдик оператору Баткендин жашоочуларына жардам берди

21.09.2022 О! Мобилдик оператору жеке каражаттарынын эсебинен КРӨ Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын мамлекеттик бирдиктүү эсебине 20 миллион сом которду.
Каражаттардын баары чек арага жакын аймактардын жашоочуларына жардам көрсөтүүгө багытталат.

Компаниянын жамааты каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат, жапа чеккен жарандарга колдоо көрсөтөт жана эртерээк сакайып кетишине тилектеш экенин билдирет.


Тизмеге кайтуу