О! мобилдик оператору биринчилерден болуп Кыргызстандын 4 ири шаарында 4G түйүнүн ишке киргизди

09.03.2016

О! мобилдик оператору Кыргызстандын ири 4 шаарында  - Ошто, Жалал-Абадда, Нарында жана Бишкекте 4G түйүнүн кое берген алгачкы мобилдик оператор болуп калды.

2016-жылдын 10-мартында О! мобилдик операторунан жогорку ылдамдыктагы 3G жана 4G-интернет Ош жана Жалал-Абад шаарларынын жащоочуларына жеткиликтүү болуп калды. Жаңы технологиянын ишке киргизилиши менен, өлкөнүн түштүк шаарларындагы О!нун кардарлары чоң  көлөмдөгү файлдарды карап жана жөнөтүп, онлайн-оюндарды ойноп, музыка жүктөп, HD-сапаттагы видео көрө алышат. О!нун абоненттери трафик жөнүндө кам санабай мобилдик интернетти колдоно алышат, оператор арзан  чексиз интернет топтомдорунун кенен спектрин сунуш кылууда.

 «Ош жана Жалал-Абад областтарынын жашоочуларынын көптөгөн өтүнүчтөрү боюнча компания бүгүнкү күндөгү эң жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет технологияларынын бирин - 4G кызматын көрсөтө баштады. Эми Нарын жана Бишкек шаарлары менен катар Жалал-Абад жана Ош шаарларынын жашоочулары 4G-интернеттин бардык артыкчылыктарын колдоно алышат, - деп компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко белгиледи. – биз республикадагы О!нун кардарларынын арасында мобилдик интернетке болгон кызыгуу кандай өсүп жатканын көрүп жатабыз. Ошол себептен компаниянын приоритеттүү милдеттеринин бири - 4G-интернетин кыргызстандыктардын максималдуу саны колдоно алышына шарт түзүү болуп саналат. Бүгүн О! – Кыргызстандын 4 ири шаарында – Ошто, Жалал-Абадда, Нарында жана Бишкекте 4G кое берген алгачкы мобилдик оператор. Жаңы түйүндөрдү эксплуатацялоого киргизүү биздин абоненттерибизге күнүмдүк турмушта мобилдик интернетти колдонуу үчүн жаңы мүмкүндүктөрдү ачат. О!нун Интернети менен ылдамдаңыз жана Кыргызстандагы ири 4G түйүнгө туташыңыз!».

4G-түзүлүштөрдү арзан баада О! мобилдик операторунун сатуу жана тейлөө кеңселеринен же shop.o.kg интернет-дүкөнүнөн сатып алууга болот. Учурдагы акциялардын алкагында О!нун абоненттеринде ынгайлуу жана бышык 4G Wi-Fi Wingle жана 4G Wi-Fi роутерди  «Чексиз 4G» кызматын 60 же 90 кунгө кошкондо 1 сомго сатып алуу мүмкүндүгү бар. Акциянын шарттары менен кененирээк компаниянын расмий сайтынан www.o.kg таанышууга болот.

О! мобилдик оператору – дароо азыр кошул!  


Тизмеге кайтуу