О! мобилдик оператору 4G-роумингдин мүмкүндүктөрүн кеңейтүүнү улантып жатат

24.02.2016

О! мобилдик оператору 4G-роуминг кызматтарын көрсөтө турган чет элдик өнөктөштөрдүн тизмесин кеңейтүүнү улантып жатат. Мисалы, О!нун абоненттеринде февралдын экинчи жарымынан тартып чет элдик өнөктөштөрдүн түйүндөрүндө Altel (Казахстан) жана Tango (Люксембург) 4G-роуминг колдонуу мүмкүндүктөрү пайда болду.

 «О! мобилдик оператору – биздин өлкөнүн конокторуна роумингде 4G интернетти колдонууга мүмкүндүк берген жана өз абоненттерине чет өлкөдө жогорку ылдамдыктагы Интернет кызматтарын колдонууну сунуштаган Кыргызстандагы алгачкы оператор. Бүгүн АКШга, Россияга, Кытайга, Бельгияга, Казахстанга жана Люксембурга кетип жаткан биздин кардарлар 4G түйүнүн колдонуу менен өздөрүн өз үйлөрүндө жүргөндөй сезе алышат. Биз муну менен токтоп калган жокпуз жана 4G-роумингдин географиясын жана биздин абоненттер үчүн роуминг кызматтардын жеткиликтүүлүк деңгээлин кеңейтүү багытында активдүү иштерди улантып жатабыз. Баса, О!нун абоненттерин жакында кошуна Казахстанга саякаттоолор үчүн эң пайдалуу сунуштар күтөт. Биздин жаңылыктарды карап туруңуздар!»,- компаниянын интерконнект жана роуминг кызматынын жетекчиси Роман Литвинов  белгиледи.

Компаниянын абоненттери  үчүн жакындан тартып интернет-роуминг (GPRS) кызматтары 26 өлкөдө жеткиликтүү болуп калгандыгын белгилейбиз.

О! мобилдик операторунун 4G-роуминг кызматтары жеткиликтүү  болгон өлкөлөрдүн жана операторлордун тизмеси менен компаниянын расмий сайтынан  www.o.kg таанышууга болот.


Тизмеге кайтуу