О! мобилдик оператору өлкөдө эң ири 4G түйүнүн кеңейтүүнү улантып жатат

25.03.2016

Март айынын биринчи жарымында Кыргызстандын телекоммуникация рыногунунун технологиялык баштап жүрүүчүсү - О! мобилдик оператору мобилдик интернет менен жабдууну кеңейтүү жана  добуштук байланыштын сапатын жогорулатуу үчүн өлкөнүн масштабы боюнча түйүндү активдүү кеңейтүүнү улантып жатат.

 2016-жылдын 1-мартынан тартып компания Кыргызстан боюнча ондогон база станцияларын орнотту, алардын жарымы 4G стандартта. Алар Ош шаарында, Ош областынын Кара-Суу шаарында, Бүбүшкалар айылында, ошондой эле Жалал-Абад шаарында жана Жалал-Абад областынын Пригород, Сузак, Ынтымак жана Кумуш-Азиз айылдарында орнотулду. Компания мобилдик интернетти айыл жергесинде жабдуунун кеңейтти. Мисалы, 3G станциясында маалыматтарды берүү кызматына суроо-талап көп болгондуктан, ал Чүй областынын Кичи ГЭС,  Ак-Жол, Кара-Жыгач, Люксембург айылдарында да ишке киргизилди. Мындан тышкары, Ош областынын Коо-Чаты жана Ак-Терек айылдарында добуштук байланыштын сапаты жакшыртылды.

«2014-жылы өлкөдөгү бардык операторлордон биринчи болуп, Бишкекте 4G түйүнүн ишке киригизип, биз өзүбүздүн технологиялык жана инновациялык лидерлигибизди ишенимдүү ырастап жатабыз. Бүгүн О!дон 4G – Кыргызстандагы жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет технологиясынын эң ири түйүнү. Төртүнчү муундагы түйүндүн мүмкүндүктөрүн Бишкек, Нарын, Ош, Жалал-Абад жана Кара-Суу шаарларынын, Ош областынын Бүбүшкалар айылынын жана Жалал-Абад областынын Пригород, Сузак, Ынтымак жана Күмүш-Азиз  айылдарынын жашоочулары активдүү колдонуп жатат», — деп белгиледи компаниянын техникалык директору Антон Коваленко.

Төртүнчү муундагы түйүндүн иштеши үчүн ыңгайлуу жана чакан түзүлүштөр бар: 4G Wi-Fi Wingle жана 4G Wi-Fi роутер 60 же 90 күнгө «Чексиз 4G» кызматын кошкондо болгону 1 сомдон. Акциянын кенен шарттары менен компаниянын расмий сайтынан www.o.kg таанышууга болот, ал эми  4G-түзүлүштөрдү О! мобилдик операторунун сатуу жана тейлөө кеңселеринен же shop.o.kg интернет-дүкөнүнөн арзан баада сатып алууга болот.  


Тизмеге кайтуу