О! мобилдик оператору өлкөнүн жетинчи шаарында 4G түйүнүн ишке киргизди

05.04.2016

Кыргызстандын телекоммуникация рыногунун технологиялык баштап жүрүүчүсү – О! мобилдик оператору Токмок шаарында 4G түйүнүнүн ишке киргизилиши жөнүндө маалымдайт. Азыркы учурда төртүнчү муундагы ылдам интернет кызматтары Бишкек, Нарын, Ош, Жалал-Абад, Кара-Суу, Кант жана Токмок шаарларында жеткиликтүү. Ошентип, О! мобилдик операторунан 4G түйүнү 7 ири калктуу конушту камтыйт, анда 2 млн ашык адам жашайт.

«Биз 4G түйүнд өнүктүрүүнү инвестициялап жатабыз, болушунча көптөгөн кыргызстандыктар Кыргызстандагы мобилдик интернеттин эң өнүккөн жана жогорку ылдамдыктагы технологиясын колдонууларына шарт түзүп жатабыз. Бүгүн Токмок шаарынын жашоочуларына жогорку ылдамдыктагы чексиз интернеттин бардык артыкчылыктары жеткиликтүү, өз смартфондорунун жана башка 4G-түзүлүштөрүнүн мүмкүндүктөрүн колдоно алышат. Биз муну менен токтоп калбайбыз жана бүткүл өлкө боюнча түйүндү өнүктүрүүнүн үстүндө иштөөнү улантып жатабыз!», - деп компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко белгиледи.

О!нун абоненттери трафик жөнүндө кам санабастан мобилдик интернетти пайдалана алышат, оператору арзан чексиз интернет сунуштарынын кеңири топтомун сунуш кылууда, алардын жардамы аркылуу абонентер интернет-трафиктин сарпталышын текшерип отурбастан, жогорку ылдамдыктагы интернеттин бардык артыкчылыктарын арзан баада колдоно алышат.

 Эң арзан баадагы 4G түзүлүштөрдү О!нун сатуу жана тейлөө кеңселеринен же shop.o.kgинтернет-дүкөнүнөн сатып алууга болот. Ыңгайлуу жана бышык 4G Wi-Fi Wingle жана 4G Wi-Fi роутерлер «Чексиз 4G» кызматын 60 же 90 күнгө кошкондо болгону 1 сомдон сатылып жатат. Акциянын шарттары менен кененирээк компаниянын расмий сайтынан www.o.kg таанышууга болот.


Тизмеге кайтуу