О! мобилдик оператору «Бактылуу SMSтер» викторинасын коё берди

25.01.2016

О! мобилдик оператору «Бактылуу SMSтер» викторинасын кое бергендиги жөнүндө маалымдайт, ал аркылуу абоненттер өз билимин текшерип, акчалай байгелерди утуп ала алышат.

Викторинага катышуу үчүн *2016# акысыз буйрутмасын терип же каалаган текстти (STOPтон башка) SMS-билдирүү кылып 2016 кыска номерине жөнөтүү керек. Андан соң  ар күнү 09:30 дан  23:30 чейин абонентке викторинанын суроолору менен SMS-билдирүүлөр келип турат. Жооптуу билдирүүнү жөнөтүү акысыз. Жооп туура болгондо, абонентке баллдар эсептелип турат, алар  белектердин бирин утуп алууга мүмкүндүк берет.

“Викторинанын бардык катышуучулары зээрикпейт болуш керек! Ар кандай чөйрөдөн чогулган суроолор эч кимди  кайдыгер калтырбайт. Ага жооп берүү эч кандай кыйынчылык жаратпайт, ал эми эң активдүү катышуучулар баалуу белектерди алышат. Биз абоненттерибиздин бизге болгон ишеничин баалайбыз, ошол себептен биз акциянын тунуктугуна өзгөчө көңүл бурдук. Жоопторду текшерүү жана баллдарды эсептөө үчүн атайын автоматташтырылган тутум колдонулат, ал жеңүүчүнү так аныктоого мүмкүндүк берет. Кошулуңуздар, О! дон  1 000 000 сом утуп алуу мүмкүндүктү кое бербеңиздер” – деп, компаниянвн коммерциялык директору  Максим Сидоренко белгиледи.

Бир күн бою эң көп балл топтогон катышуучу күндүн жеңүүчүсү деп таанылат жана  бир күндүк байге - 10 000 сом утуп алат. Баарынан көп бал топтогон оюнчу 2016-жылдын 20-апрелинде викторинанын башкы жеңүүчүсү деп табылат жана баш байге - 1 000 000 утуп сом алат.

Катышуу үчүн абоненттик төлөм- күнүнө 10 сом*. Топтогон баллдардын санын жана рейтингдеги орунду билиш үчүн ТОП сөзү бар SMS-билдирүүнү 2016 кыска номерине жөнөтүү керек.

Акция 2016-жылдын 20-аперилене чейин О! мобилдик операторунан бардык абоненттери үчүн жүрөт. Викторинанын эрежелери менен кененирээк  like.o.kg сайтынан, ошондой эле 2016 кыска номери боюнча билүүгө болот.

*абоненттик төлөм КНС эске алуу менен көрсөтүлдү. 


Тизмеге кайтуу