О! мобилдик оператору Сузакта жана Кара-Сууда 3G жана 4G түйүндөрүн ишке киргизди

11.03.2016

О! мобилдик оператору өлкөнүн түштүгүндө 3G жана  4G түйүнү камтыган аймакты кеңейтүүнү улантып жатат. Бүгүн компания Кара-Суу шаарынын (Ош областынын) жана Сузак айылынын (Жала-Абад областынын) жашоочуларына жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернетти колдонуу мүмкүндүгүн сунуштады.

 «Биринчи болуу – бул дайыма чоң сыймык жана чоң жоопкерчилик.  Мурда зым менен туташтырылуучу интернетке тандам жок болчу, азыр болсо бардык кыргызстандыктар үчүн орчундуу окуя болуп жатат – эми эң жаңы смартфондордун жана башка 4G-түзүлүштөрдүн бардык мүмкүндүктөрүн пайдаланууга мүмкүн болуп калды, - деп  компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко белгиледи. – Кыргызстандыктар биздин төртүнчү муундагы мобилдик байланышты эчактан бери жактырып келишет, мунун өзү таң калычтуу деле эмес, себеби жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет  зымдуу интернеттен ылдамдык жагынан эч бир артта калбайт. Смартфондорго жана планшеттерге караганда, бул  чоң көлөмдүү маалыматтар менен алмашууга, музыка жүктөөгө, онлайн шарттамында ТВ-трансляция жана видеолорду көрүүгө ж.б. мүмкүн болгон чыныгы “чөнтөктөгү кеңсе”. Жакын арада мындай позитивдүү өзгөрүүлөр Кыргызстандын башка региондорунда да болот”.

  О!нун абоненттери мобилдик интернетти трафик жөнүндө кам санабай колдоно алышат, себеби оператор арзан баалуу чексиз интернет сунуштарынын кенен спектрин сунуштап жатат. Мисалга, «Чексиз 4G» кызматын колдонгондор интернет-трафиктин корошун текшерип отурбастан,  бир аз абоненттик төлөмгө жогорку ылдамдыктагы интернеттин бардык артыкчылыктарын колдонушса болот. Бүгүнкү күнү 4G түйүнү Бишкек, Нарын, Ош, Жалал-Абад, Кара-Суу шаарларынын жана Сузак айылынын жашоочулары үчүн жеткиликтүү.

  4G-интернетти ар бир адам колдоно алат, компания пайдалуу акцияларды жана ыңгайлуу интернет-сунуштарды сунуш кылууда. Төртүнчү муундагы түйүндүн иштеши үчүн ынгайлуу жана бышык 4G Wi-Fi Wingle жана 4G Wi-Fi роутерлер «Чексиз 4G» кызматын 60 же  90  күнгө кошкондо болгону  1 сомдон. Акциянын шарттары менен кененирээк компаниянын расмий сайтынан www.o.kg таанышууга болот, ал эми 4G-түзүлүштөрдү эң арзан баада О! мобилдик операторунун сатуу жана тейлөө кеңселеринен же  shop.o.kg интернет-дүкөнүнөн сатып алууга мүмкүн. 


Тизмеге кайтуу