Ысык-Көлдөгү O!Store дүкөндөрүндө баалар түшүүдө – кош келиңиздер!

17.07.2023

O!Store дүкөндөр тармагы Ысык-Көлдөгү тармакта 17-июлдан 30-июлга чейин акция боюнча өз баасынан арзан баада сатып алуу мүмкүн болгон смартфондордун моделдик катарын жаңыртты.

Эс алуучулардын ыңгайлуулугу үчүн Ысык-Көлдүн өзгөчө популярдуу Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларындагы филиалдар түнгө чейин иштешет. Көл жээгиндеги бардык дүкөндөрдүн так даректери жана иштөө графиктери менен шилтемеден таанышып чыга аласыздар.

Каалаган смартфонду пайызсыз жана баштапкы төгүмсүз бөлүп төлөөгө алуу мүмкүндүгү бар. Бөлүп төлөөгө сатып алган учурда минималдуу айлык төлөм 1064 сомдон башталып, моделге жараша андан жогору болот.

-30% арзандатуу менен кулакчын алганды да унутпаңыздар.

Туристтерди кызыктыра турган дагы бир нерсе – Ысык-Көл областындагы O!Store дүкөндөрүндө улуттук стилдеги премиалдык сувенирлердин кеңири ассортименти: магниттер, брелоктор, значоктор, күндөлүктөр, карандаштар, калемсаптар бар.

O!Store дүкөнүнөн сатып алуу — ар дайым пайдалуу.

Товардын саны чектелүү. Толук маалыматты 0 705 007 000 телефону аркылуу же ostore.kg сайтынан алууга болот.

Акцияны өткөрүү мөөнөтү: 17.07.2023 – 30.07.2023 (камтуу менен). Арзандатуу смартфондорго гана берилет жана Ысык-Көл областындагы O!Store дүкөндөрүн гана камтыйт.

Кредит "Дос-Кредобанк" ААК тарабынан берилет. Банк кредит берүүдөн баш тартууга укуктуу. "Дос-Кредобанк" ААК КР УБ № 037 лицензиясы. Товар тастыкталган. КР МБТМК караштуу МБА лицензиялары: «НУР Телеком» ЖЧК №16-0062-КР, №16-0063-КР.


Тизмеге кайтуу