*911# акысыз буйрутмасын териӊиз жана жакындарыӊыз кайда экениӊизди дароо биле алышат

26.04.2021

О! Мобилдик оператору «Кѳӊүл бургула, мен бул жердемин!» чукул сигналын акысыз жѳнѳтүү мүмкүнчүлүгүн кошуу менен «Кайдасыӊ?» геолокациялык сервисин жакшыртты.

*911# териӊиз жана сиздин турган жериӊизди аны аныктоого укугу бар жакындарыӊыз дароо биле алышат. Буйрутманы «тез терүүгѳ» сактап коюп, «Кѳӊүл бургула, мен бул жердемин!» сигналын саналуу секунддун ичинде жѳнѳтүӊүз. Муну суткасына 5 жолуга чейин аткара аласыз.

Кызмат «Кайдасыӊ?» сервисине катталган абоненттерге акысыз кѳрсѳтүлѳт. Сервисти «Мой О!» тиркемесинин «Маалымат жана кѳӊүл ачуу кызматтары» бѳлүмүнѳн кошуп алыӊыз же болбосо *788*8#чалуу буйрутмасын териӊиз. Андан соӊ *788# терип, менюдан «Номерди кошуу» пунктун тандаӊыз да, 0AAAхххххх форматында абоненттин номерин киргизиӊиз. Буларды аткаргандан кийин адресат анын жүргѳн жери тууралуу маалымат сурап турууӊузга уруксат берүүсү жѳнүндѳ сурам менен SMS алат. Жооп катары, 0AAAхххххх форматында издѳѳгѳ уруксат берилген кишинин номерин SMS менен жѳнѳтүү зарыл. Учурда абонент кайда жүргѳнүн билүү үчүн жѳн гана *788# буйрутмасы менен менюга кирип, тизмеден анын номерин тандаӊыз. Күн сайын жакындарыӊыздын жүргѳн жерин аныктоого 3 акысыз сурам жиберүү мүмкүнчүлүгү берилет.

«Кайдасыӊ?» сервиси активдештирилген учурдан тартып, алгачкы 10 күн акысыз кѳрсѳтүлѳт, андан ары абоненттик тѳлѳм суткасына 3 сомду түзѳт. Кызмат тууралуу кененирээк маалымат www.o.kg сайтында.

Ѳзүӊүзгѳ сак болуӊуз, О! Мобилдик оператору болсо сизге кам кѳрѳт.


Тизмеге кайтуу