O!Store дүкѳндѳрүндѳ кооз номерлерге 90%га чейин жаӊы жылдык АРЗАНДАТУУЛАР - ШАШЫЛЫҢЫЗДАР!

28.12.2020

Уникалдуу номердин ээси болууга үлгүрүп калыӊыз! Жаӊы жылдын алдында О! Мобилдик оператору Gold, VIP жана Platinum категориясындагы номерлерди 90%га чейин арзандатуу менен сатып алуу үчүн мыкты мүмкүнчүлүк тартуулайт.

Акция 2020-жылдын 29-декабрында, бир гана күн жүрөт.

Ошентип, сиз кооз номерди 300 сомдон баштап сатып ала аласыз. Ал эми алардын кадимки баасы 1500 сомдон башталат.

1080x814_VIP-nomera_29-dec_novosti_kg-opisanie.png

Бүгүнкү күндѳ кооз, оӊой эсте калуучу номердин ээси болуу – сонундук гана эмес, зарылчылык дагы болуп эсептелет. Мындай номерлер бардык эле бизнес үчүн пайда жана жарнама кампанияларынын учурунда кардарлардын кошумча агымын алып келет. Алар номерди кызматтык эле эмес, жекече максатта колдонууда дагы мыкты таасир жаратат. Мындай номерди башка номер менен алмаштырып алуу мүмкүн эмес.

Эксклюзив тартуулаӊыз!

Эгер сиз башка оператордун абоненти болсоӊуз, 90%га чейин арзандатуу менен ѳз номериӊиздин кѳчүрмѳсүн башка код менен ала аласыз. Сиз каалаган номер бош же бош эмес экенин билүү үчүн «Кош келиңиздер!» кызматынын 0 500 000 500 номерине чалыӊыз (тарификация тарифиӊиздин шарттары боюнча). Ал эми жакынкы O!Store дүкѳнүнѳ барсаӊыз – андан да мыкты. Ал жерден сизге номерди кошууда жардам беришет.

Эгер сиз О! операторунун абоненти болсоӊуз, анда саналуу секунддун ичинде каалаган номердин жеткиликтүүлүгүн текшере аласыз. Бул үчүн  *212*каалаган номерди 0ХХХAAAAAA# форматында териӊиз. Эгер номер бош болсо, аны дароо эле «Менин жаңы номерим» кызматынын жардамы менен сатып алуу мүмкүн. Эӊ башкысы – балансыӊызда жетиштүү сумманын болуусу абзел. 

Миӊдеген кооз номерлер бар каталогду O!Store дүкѳндѳрүнѳн табууга болот. Platinum категориясындагы номерлердин эӊ сонун жана сейрек комбинациялары vipnomer.o.kg онлайн-аукционунун сайтында гана жеткиликтүү. Кененирээк маалымат бардык O!Store дүкѳндѳрүндѳ.

O!Store – ѳзүӊүздү жана жакындарыӊызды кооз номер менен кубантыӊыз!


Тизмеге кайтуу