Жаңы жылда O!Store дүкөндөрүнүн жана ostore.kg интернет-дүкөнүнүн иштөө графиги

29.12.2023

О! Мобилдик оператору жалпы кыргызстандыктарды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, майрам күндөрү иштөө графиги жөнүндө маалымдайт.

Жаңы жылда байланышта болуш үчүн балансты алдын ала толуктап алыңыздар. Толуктоо үчүн бардык түйүндөрдүн даректери менен o.kg сайтынан таанышып чыгууга болот.

2023-жылдын 31-декабрында төмөнкүлөрдөн тышкары, бардык дүкөндөр менен сатуу жана тейлөө кеңселери саат 16:00гө чейин иштейт:

  • «Вефа» СБ, «Бишкек Парк» СБ – саат 20:00гө чейин;

  • «Азия Молл» СБ – саат 18:00гө чейин;

  • «Дордой Плаза» СБ – саат 20:00гө чейин;

  • «ГУМ» СБ – саат 20:00гө чейин. 

2024-жылдын 1-январында төмөнкүлөрдөн тышкары, бардык кеңселерде эс алуу күнү:

  • «Бишкек Парк» СБ – саат 13:00дөн 22:00гө чейин;

  • «Вефа» СБ – саат 14:00дөн 22:00гө чейин;

  • «Азия Молл» СБ O!Store – саат 14:00дөн 22:00гө чейин.

2024-жылдын 2-январынан тарта төмөнкүлөрдөн тышкары, бардык дүкөндөр менен сатуу жана тейлөө кеңселери штаттык режимде иштей баштайт:

  • «Табылга» СБ 7-январдан баштап;

  • Чүй пр., 111А, 1-кабат дарегиндеги O!Store 3-январдан баштап;

  • «Беш Сары» СБ жана «Беш Сары Сити» СБ 2024-жылдын 4-январынан баштап;

  • Жалал-Абад (Ленин көч., 40, «Айгүл» СҮ 1-кабат жана Токтогул көч., 40, ориентир «Plaza» СБ) 3-январдан баштап.

ostore.kg интернет-дүкөнү буйрутмаларды дем алышсыз, күн сайын саат 09:00дөн 21:00гө чейин 0705 007 000 телефону боюнча кабыл алат. Бишкек шаарынын ичинде акысыз жеткирүү кызматы 31-декабрь, 1- жана 2-январь күндөрү иштебейт. Акысыз жеткирүүгө 3,1 жана 5-январь күндөрү саат 10:00дөн 16:00гө чейин буйрутма берсе болот, ал эми 6-январдан тарта дем алышсыз саат 10:00дөн 20:00гө чейин кадимки иштөө графиги күчүнө кирет.

О! маалымат жана сурап-билүү кызматынын операторлору сиздер үчүн дем алышсыз иштешет. Колдоо кызматына күнү-түнү WhatsApp: +996 705 700 700, Telegram: @o_mobile_operator_bot,  o.kg сайтындагы онлайн-чат аркылуу, ошондой эле FacebookInstagram«Одноклассники»«ВКонтакте» же Twitter социалдык тармактарынан жеке билдирүүлөрдүн жардамы менен кайрыла аласыздар.

Белектерди алууга шашылыңыздар

О! Мобилдик оператору сиздерди белек алуу үчүн O!Store дүкөндөрүнө чакырат. Эгерде убактыңыздар жок болсо, жөн гана 0705007000 номерине чалсаңыздар, белек өзү келет – Бишкек ичинде акысыз жеткирүү кызматы иштейт. Азыркы учурда майрамдык акциялар өтүүдө. Дүкөндөрдө дүйнөнүн алдыңкы бренддеринин смартфондору менен аксессуарларынын кеңири ассортименти бар. 

Жаңы жылга О! менен бирге. 

«НУР Телеком» ЖЧКсынын 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары.


Тизмеге кайтуу