Жаңы «Переходи на О!» айлык тарифтери

28.03.2019

О! Мобилдик оператору өз абоненттеринин көп сандаган суранычтарын эске алуу менен «Переходи на О!» тарифтик пландарынын жаңы топтомун ишке киргизди.

Жаңы тарифердин негизги ыңгайлуулугу эми аларды толук бир айга кошуп алууга мүмкүн экендигинде! Башкача айтканда, сиз абоненттик төлөмдү бир айда бир гана жолу төлөйсүз дагы, балансты ар апта сайын же күнүгө толуктоо керек экендигин унутасыз.

«Жаңы «Переходи на О!» топтомунда заманбап мобилдүү кишиге акысыз чалуулардан баштап мобилдик телевидениеге чейинки бардык керектүү нерселер бар. Мында ар бир кызматты өз алдынча кошуп олтурбайсыз. – деп О! Мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко таритфердин жаңы топтомуна түшүндүрмө берди, – Биз абоненттерибизге ар түрдүү мобилдик кызматтарды пайдаланууда максималдуу жөнөкөйлүктү камсыздоого аракет кылуудабыз».

Учурдагы «Переходи на О!» топтомундагыдай эле жаңы тарифтерде абоненттерге О! түйүнүнүн ичинде акысыз SMS жана баарлашуулар, жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет + O!TV тиркемесинин алкагында 150гө чейин лицензиондук телевизиондук каналдар каралган. Болгону өзүңүзгө ылайыктуу көлөмүңүздү тандап алыңыз:

  • «Переходи на О! 30 күн» тарифи – бул айына болгону 350 сомго 40 ГИГАБАЙТ жогорку ылдамдыктагы интернет, О! түйүнүндө акысыз SMS жана баарлашуу, ошондой эле Кыргызстандын башка мобилдик операторлорунун номерлерине чалуулар үчүн акысыз 10 мүнөт! Тарифке которулуу үчүн буйрутманы териңиз: *155*71#чакыруу;

  • «Переходи на О! Чексиз + TV Стандарт 30 күн» тарифи – бул айына 650 сомго 100 лицензиондук канал, чексиз интернет, О! түйүнүндө акысыз SMS жана баарлашуу, ошондой эле Кыргызстандын башка мобилдик операторлорунун номерлерине чалуулар үчүн акысыз 30 мүнөт. Тарифке которулуу үчүн буйрутманы териңиз: *155*72#чакыруу;

  • Эң мыкты нерселерди гана колдонууну каалагандар үчүн алдыңкы– «Переходи на О! Чексиз + TV Премиум 30 күн» тарифи. Бир айга 900 сомго 150 лицензиондук канал, чексиз интернет, О! түйүнүндө акысыз SMS жана баарлашуу, ошондой эле Кыргызстандын башка мобилдик операторлорунун номерлерине чалуулар үчүн акысыз 50 мүнөт. Тарифке которулуу үчүн буйрутманы териңиз: *155*73#чакыруу;

Тарифтерди көрсөтүүнүн толук шарттарын www.o.kg расмий сайтынан, ошондой эле 0 507 000 551 жана 0 507 000 552 номерлерине чалуу аркылуу тапсаңыз болот.

О! Мобилдик оператору – сенин смартфонуңдун түйүнү!


Тизмеге кайтуу