О! мобилдик операторунан роумингдин жаңы мүмкүндүктөрү

18.01.2016

Кыргызстандын телекоммуникация рыногунун технологиялык баштап жүрүүчүсү – О! мобилдик оператору эл аралык роуминг кызматын көрсөтүүчү чет элдик өнөктөштөрдүн тармагын кеңейтүүнү улантып жатат. Эми О!нун абонентерине Xfera (Испания) жана Vodafone (Греция) операторлорунун түйүнүндө роумингдин жаңы багыттары жеткиликтүү. Ошентип, О! мобилдик операторунун кардарлары өз номерлерин алмаштырбастан, Испанияда жана Грецияда чалууларды аткарып, Интернетке чыгып, SMS жазып жана өз жакындары жана туугандары менен кадимки шарттамда байланышта кала берет.

 «Акырындан өлкөлөрдүн географиясын кеңейтүү менен, О! мобилдик оператору өзүнүн абоненттери көп муктаж болгон багыттарды тандап жатат. Кээ бир өлкөлөрдө дароо бир нече оператор менен роуминг макулдашуулары түзүлгөн, мунун өзү абоненттерге тандап алуунун максималдуу эркиндигин жана ошол өлкөлөрдө түйүн камтыган аймактардын бир топ кеңейишине кепилдик берет», – деп О! мобилдик операторунун интерконнект  жана  роуминг кызматынын жетекчиси Роман Литвинов айтып берди.

«Роуминг» кызматын кошуу үчүн абонент сатуу жана тейлөө кеңсесине же өз корпоративдик тобунун координаторуна кайрылышы керек. Роуминг кызматына болгон тарифтер менен компаниянын расмий сайтынан  www.o.kg таанышууга болот. 


Тизмеге кайтуу