О! мобилдик оператору ондогон жаңы байланыш объектисин ишке киргизди

23.06.2017

О! мобилдик  оператору 2,5 айдын ичинде дароо ондогон  жаңы база станцияларын эксплуатациялоого киргизүү менен, 4G/3G мобилдик интернетинин ылдамдыгын көбөйттү жана бүткүл Кыргызстан боюнча байланыш сапатын жакшыртты. Жалпысынан байланыш сапатынын жакшырганын жана жаңы ылдамдыктарды бүткүл өлкө боюнча 140 ашык калктуу конуштун эли сезе баштады.

Ысык – Көл областынын көл жээгиндеги зоналардагы активдүү иштерден тышкары О! мобилдик оператору маданий туризм активдүү өнүгүп жаткан райондорго көңүл буруусун күчөттү. Бүткүл Кыргызстанды айланып чыгууну пладаштырып жаткан саякатчыларга, ошондой эле өлкөнүн жергиликтүү жашоочуларына дагы кай жакта О! түйүнүн 4G/3G жабдылышы көбөйтүлгөндүгү жана байланыш сапаты жакшыртылгандыгы кызыктуу.

Чүй областы жана Бишкек ш.

Новопавловка, Ак-Жол, Кара-Жыгач, Лебединовка, Аламүдүн айылдарында, Ак-Босого, Кара-Жыгач, Арча-Бешик, Бакай-Ата жаңы конуштарында,  ошондой эле   Фрунзе атындагы совхоздо 4G технологиясынын жабдылышы жана сыйымдуулугу көбөйтүлдү. Бишкек шаарында сыйымдуулукту көбөйтүү боюнча иштер жүргүзүлдү. Байланыш сапатынын жакшырганын Новопокровка, Тельман атындагы, Арашан, Таш-Дөбө айылдарынын жашоочулары да сезе алышат.

Жалал-Абад областы

4G түйүнү Арсланбоб, Базар-Коргон, Казарман, Бала-Чычкан айылдарында кеңйтилди.   3G түйүнү  Жалал-Абад, Кара-Көл, Кербен, Кочкор-Ата шаарында жана бир катар айылдарда: Ак-Дөбө, Ала-Бука, Таш-Булак, Базар-Коргон, Кызыл, Масы, Сузак, Ынтымак, Казарман, Торкент, Жетиген, Ничке-Сай, Бууркан, Джар-Таш, Кызыл-Өзгөрүш, Үч-Терек, Терек –Суу, Саргата, Кызыл-Ураан, Чон-Арык, Кара-Күнгөй, Бел Алды, Сары-Согот айылдарында да жакшыртылды.

Ош областы

4G түйүнү Ош ш., Гүлбахор а. жаңыдан камтылды. 3G түйүнүн кеңейтүү Ош, Ноокат шаарларында, Кең-Сай, Киров, Катта-Тал айылдарында   Мирмахмудов  айыл округунда жүргүзүлдү.

Талас областы

О!дон 4G түйүнү Бакай-Ата айылында пайда болду, байланыштын 3G стандарты Миң-Булак жана Таш-Арык айылдарынын жашоочуларына жеткиликтүү.

Нарын областы

3G түйүнүн жабдылышы Нарын шаарында жана Казыбек, Баш-Каинды, Ача-Каинды, Жаңы-Арык, Куйручук, Баш-Кууганды, Кызыл-Жылдыз, Чаек, Кара-Тоо, Жаны-Жол, Кочкор, Куйбышев айылдарында жакшыртылды. Жумгал, Куйручук айылдарында түйүн кеңейтилди. 


Тизмеге кайтуу