О! мобилдик оператору Жалал-Абаддагы концертте 7000 ашык көрүүчүнү чогултту

28.04.2017 О! мобилдик оператору Жалал-Абад шаарынын жашоочулары үчүн «О!го которул + ТV» тарифтик пландарынын жаңы тизмегин колдоо үчүн жана бул областта мобилдик түзүлүштөрдүн O!Store ири дүкөнүнүн ачылышына карата чыныгы майрам уюштурду.

О! мобилдик оператору өз абоненттерин сүйүнтө билет – буга жалал-абаддыктар өз көзү менен ынанышты. Борбордук стадиондо, трибуналарда жана жакын аймактарда таш түшөргө орун жок болду – азайтып эсептегенде да, концертке 7 миңден ашык адам келди. Ал эми стадион болсо болгону 5 миң отургуч орунуна эсептелген. Аншлагдын болушунун дагы бир себеби – кыргызстандыктардын сүйүктүү тобу «Город 312» Жалал-Абадда алгачкы жолу ырдап чыкты.

- Кушубак кечиңиздер менен, жалал-абаддыктар! Аябай көп экенсиздер! – деп өз сөзүн О! мобилдик операторунун региондук бөлүмүнүн жетекчиси Орозали Чалиев баштады, ал чогулгандарга О! түйүнүн артыкчылыктарын айтып берди. Анын ичинде, О! мобилдик оператору бул аймакта ылдам 4G технологияларын өнүктүрүүнүн, жаңы ыңгайлуу кызматтарды киргизүүнүн жана областта мобилдик түзүлүштөрдүн O!Store ири дүкөнүн (Ленин көч. 34) ачуунун эсебинен өз позициясын план боюнча бекемдөөгө ниеттенип жатат. O!Store дүкөнүнөн эң жаңы жана эң көп талап кылынчу мобилдик телефондорду арзан баада сатып алууга болот.

Концерт эки сааттан ашык болду, конокторго көптөгөн позитив жана жагымдуу белек катарында «Город 312» тобунун дисктерин жана О!дон фирмалык сувенирлерди тартуулады. Ата мекендик аткаруучулардын курамы да эмоцияга эмоция кошту - бул кечте О! компаниясынын чакыруусу менен эң мыктылар гана – Кыргызстандын эл артисти -Гүлнур Сатылганова, кыздардын сүймөнчүгү - Мирбек Атабеков ырдашты, тыныгууларда жалал-абаддыктардын көңүлүн юмордун чемпиондору - «Тамашоунун» резиденттери - No name жаштар долбоору көтөрдү.

- О!шкага ушундай иш-чара үчүн рахмат, - деп көрүүчүлөр өз ойлору менен бөлүшүштү. – Бул чыныгы майрам!

Сахнада болуп жаткандын баарын атайын чоң экрандардын жардамы менен ири планда транляциялоо бардык конокторго мыкты үн менен гана эмес ырахаттанбастан, өз сүймөнчүктөрүн жакшы көрүүгө да мүмкүндүк берди. Концертке келе албагандар О!нун Facebook жана Instagram расмий барактарындагы түз эфирдин натыйжасында бардык болуп жаткандардан кабардар болуп жатышты.

28-апрелде эстафетаны Ош шаары кабыл алат! Концерт 18:00 башталат. Өтүүчү жайы: (А.Сүйүнбаев атындагы стадион).
30-апрелде «Город 312» тобунун концерти Бишкекте өтөт. 18:00 башталат. Өтүүчү жайы: (Promzona клубунун чоң сахнасы).

О!го которулуңуздар жана концертке билетти акысыз алыңыздар! Кененирээк www.gorod312.o.kg сайтында.

Тизмеге кайтуу