«ОКУУЧУ» жана «O!TV Окутуу» - окуучулар үчүн О! операторунан ТОЛУГУ МЕНЕН АКЫСЫЗ сервистер

09.04.2020

О! Мобилдик операторунун «ОКУУЧУ» тарифинин башкы өзгөчөлүгү жана айырмасы анын ТОЛУГУ МЕНЕН АКЫСЫЗ экендигинде, ал эми аны үйдөн чыкпай туруп кошуп алуу – Окуучунун «Мой О!» тиркемесинде катталуусу менен жүрөт. Муну кантип аткаруу керек экендигин кыска видеодон көрүү үчүн басыңыз.

ЖУМА САЙЫН АР БИР ОКУУЧУГА ТӨМӨНКҮЛӨР ТОЛУГУ МЕНЕН АКЫСЫЗ ЖЕТКИЛИКТҮҮ:

  • максималдуу ылдамдыктагы 2 ГИГАБАЙТ интернет;

  • О! түйүнүндө чексиз чалуулар жана SMS;

  • WhatsApp, Telegram, Zoom, Skype жана Google Classroom үчүн чексиз интернет;

  • КТР «Баластан», «ЭлТР», «Илим Билим», «5 канал», «Пирамида» жана «Санат» каналдарындагы видеосабактарды онлайн көрүү үчүн «O!TV Окутуу» топтомуна акысыз кирүү.

  • «МОЙ О!» тиркемесиндеги электрондук окуу китептери, сабак жүгүртмөлөрү жана видеосабактары менен «Мектеп» бөлүмүнө акысыз кирүү.

Эгер сиз үйдөн чыга алсаңыз, «Окуучу» тарифин O!Store дүкөндөрүнөн кошуп алса болот. Сөзсүз түрдө, сизге жакын жайгашкан дүкөндүн актуалдуу иш графигин билүү үчүн O!Store сайтына кириңиз.

«O!TV ОКУТУУ» АКЫСЫЗ ТОПТОМУ

Мындан тышкары, О!TV мобилдик телевидениенин тиркемесин бала болсун, ата-эне болсун биздин түйүндүн бардык абоненттери толугу менен АКЫСЫЗ кошуп алса болот жана КТР «Баластан», «ЭлТР», «Илим Билим», «5 канал», «Пирамида» жана «Санат» каналдарындагы видеосабактарынын берүүлөрүн смартфондон көрсө болот. Эгер бала алаксып кетсе, видеосабактарды кийин көрүү режимине калтырып коюп көрсө болот. ТВ-каналдарынын акысыз топтомун кантип кошуп алуу боюнча видеону көрүңүздөр.

  1. Сиз О!TV тиркемени жүктөп алуу керек;

  2. *750*88# буйрутмасын киргизип, шартбелгиге ээ болуңуз;

  3. тиркемеге кирүү үчүн: ЛОГИН – бул сиздин телефон номериңиз, ШАРТБЕЛГИ – SMS аркылуу алынган код.

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Интернет тармагында бир гана оператордун абоненттерине дистанциондук окутуу жеткиликтүү болуп жатат деген жалган маалымат тарап жатат. Мунун баары чындыкка дал келбейт. Окутуу О! Мобилдик оператору аркылуу дагы толугу менен жеткиликтүү.

Бирге окуңуздар – О! Мобилдик оператору ар дайым сиздер менен.


Тизмеге кайтуу