О! Мобилдик оператору өлкө боюнча масштабдуу кеңейтүү иштерин аткарды

07.07.2023

О! Мобилдик оператору бүтүндөй өлкө боюнча түйүндүн камтуу аймагын жана сыйымдуулугун кеңейтүү багытында пландуу иштеринин жыйынтыктарын жарыялады.

Өзгөчө басым өлкөнүн башкы курорттук областына – Ысык-Көлгө жасалды. Себеби жайкысын туристтердин негизги агымын Ысык-Көл кабыл ала турганы баарыбызга маалым. О! абоненттери кайда жүрбөсүн – Ысык-Көлгө карай жолдо, пансионатта же пляжда жүрсө да - дайыма байланышта болуп, эс алуудан көз ирмемдер менен бөлүшө аларын, ал тургай аралыктан иштөө мүмкүнчүлүгү бар экендигин билишет. Жаңы базалык станцияларды ишке киргизүүнүн жана учурда иштеп жаткан жабдуулардын кубаттуулугун көбөйтүүнүн натыйжасында кийинки шаарлар менен айылдарда маалымат өткөрүүнүн сапаты жогорулады:

  • Ысык-Көл областы: Боом капчыгайы, Каракол, Балыкчы шаарлары, Орто-Токой шаарчасы, Бар-Булак айылындагы пансионаттын, «Каракол» тоо-лыжа комплексинин аймагы, Каракол, Өрнөк, Жарыкынбаев, Таш-Короо, Ак-Булуң, Ичке-Булуң, Ак-Булак, Даркан, Чоң-Жаргылчак, Көк-Мойнок, Кичи-Өрүктү, Өрүктү-Хутор, Орто-Өрүктү, Чоң-Өрүктү, Тасма, Кең-Суу, Бирлик, Кызыл-Туу, Ала-Баш, Жууку, Кожояр, Боз-Учук, Ак-Дөбө, Тилекмат, Алкым, Комсомольское, Конкино, Кара-Шаар, Кара-Ой, Сары-Ой, Ой-Тал, Көк-Дөбө, Жаңы-Арык, Ак-Чий, Богатыровка, Желе-Дөбө, Ырдык, Көл-Төр, Жерүй, Кызыл-Туу, Бөкөнбаев, Фрунзе, Көөчү, Сары-Камыш, Түп, Жол-Колот, Кара-Талаа, Боз-Бешик, Шор-Булак, Пионер, Новоконстантиновка, Ак-Терек, Балбай, Чырпыкты, Отрадное, Кабак, Чоң-Кызыл-Суу, Нововознесеновка, Качыбек, Кичи-Жаргылчак, Ысык-Көл, Челпек (Бурма-Суу), Жон-Булак, Тоң, Михайловка, Теплоключенка, Талды-Суу айылдары.

Кыргызстандын түрдүү көлдөрү менен капчыгайларын кыдырып чыгуу максатында өлкөнүн ар тарабына да көптөгөн туристтер барышат. Кыргызстандын негизги транспорттук артерияларынын бири болуп эсептелген жана стратегиялык маанидеги «Бишкек-Ош» жолун эле алып көрөлүчү. О! техникалык командасы бул аймакка да барып, Суусамыр өрөөнүндөгү, Чычкан капчыгайындагы, ошондой эле Жалал-Абад областынын автожолунун тилкесиндеги сигналдын сапатын жакшыртуу иштерин жүргүздү. Ошондой эле, мындай иштер төмөнкү калктуу пункттарда да аткарылды:

  • Чүй областы: Бишкек, Кара-Балта, Токмок шаарлары, Аламүдүн капчыгайы, «Ак-Бата», «Акыл-Ордо» конуштарынын аймагы, Орто-Сай, Романовка, Учкун, Камышановка, Жаңы-Пахта, Военно-Антоновка, Кош-Коргон, Новопавловка, Үч-Эмчек, Таш-Башат, Төмөнкү Ала-Арча, Садовое, Маевка, Сүймөнкул Чокморов а., (Чоң Таш), Ак-Жол, Шалта, Милянфан, Новопокровка, Эпкин, Васильевка, Суусамыр, Тунук, Люксембург, Буденовка, Студенческое, Кызыл-Октябрь, Алтымыш, Новое, Кызыл-Туу, Ленинское, Гроздь, Тегирменти, Кайыңды, Александровка, Беловодское, Чалдыбар, Ивтановец, Ивановка, Туз, Чоң-Даалы, Жайылма айылдары;
  • Талас областы: Бейшеке, Кара-Сай, Ак-Башат, Бакай-Ата айылдары;
  • Жалал-Абад областы: Кара-Көл, Кочкор-Ата, Таш-Көмүр шаарлары, Шамалды-Сай, Кара-Суу, Кезарт, Ак-Таш, Жүзүмжан, Михайловка (Жергетал), Арал, Көтөрмө, Кызыл-Ата, Арал, Айгыр-Жал, Кой-Таш, Жаңы-Жол, Таш-Булак, Коминтерн, Базар-Коргон, Аук айылдары;
  • Нарын областы: Нарын шаары, Орто-Саз, Ат-Башы, Ак-Жар, Бугучу, Кум-Дөбө, Куйбышев а., Миң-Булак, Жаңы-Талап, Түгөл-Сай, Кызыл-Дөбө, Кочкор айылдары;
  • Ош областы: Ош шаары, Ак-Босого, Жаңы-Араван, Пахта-Абад, Биринчи Май, Баш-Булак, Осмон, Кара-Дөбө, Отуз-Адыр, Аю-Тапан, Чакмак (Кыркол), Орто-Дөбө, Доңуз-Тоо, Лесхоз, Коммунизм, Ленин-Жол, Жаңы-Турмуш, Тогуз-Булак, Сары-Булак, Сары-Күнгөй, Прогресс, Кош-Этер, Кызыл-Байрак, Төлөйкан (бир бөлүгү), Баш-Булак, Папан, Чычкан-Кол, Жар-Башы, Ак-Терек, Камыр-Суу, Катта-Тал, Жаңы-Ноокат, Учар, Мырза Аке, Куршаб, Кызыл-Кыштак айылдары;
  • Баткен областы: Баткен, Кызыл-Кыя шаарлары, Жаңы-Жер, Кайтпас, Бүргөндү, Халмион, Кара-Бак, Бужум, Андарак, Коммуна (Сары-Дөбө), Көк-Талаа, Кара-Кыштак, Чаувай, Кара-Жыгач айылдары.

О! – Кыргызстандын ири мобилдик оператору жана 4G/3G/2G камтуусу жана сыйымдуулугу боюнча өлкө калкынын 90%дан көбүн камтыган лидери.

  • Камтуу картасы o.kg сайтынан жеткиликтүү.
  • Өзүңүз үчүн ыңгайлуу тарифти шилтемеден тандап алсаңыз болот: perehodi.o.kg.

Колдоо кызматына

КР МБТМК караштуу МБА лицензиялары: «НУР Телеком» ЖЧК №16-0062-КР, №16-0063-КР.


Тизмеге кайтуу