О! түйүнүнүн роумингинен жакындарыңызга 10 акысыз SMS жөнөтүңүз

05.06.2018

О! Мобилдик оператору бүт дүйнө боюнча роумингдеги абоненттерине камкордук көрөт.

Эми чет өлкөлүк саякаттарыңызда сиздин капыстан Wi-Fi-га кирүүгө мүмкүнчүлүгүңүздүн болбой калгандыгына, же балансыңызда каражат калбай калгандыгына карабастан, сиз ар дайым жеткиликтүү болосуз. Жаңы «Роумингдеги SMS-кабарламалар» жардамы менен сиз жакындарыңызга баары жайында экендигин билдирген кабар жибере аласыз. Бул кызматтын талашкыс артыкчылыгы мындай билдирүүлөрдү жөнөтүүнүн АКЫСЫЗ экендигинде.

О! түйүнүнүн башка абоненттерине Сиздин саякатыңыздын азыркы абалынан кабарлоочу билдирүүнүн беш вариантынын бирин тандасаңыз болот. Жоготуп жибербөө үчүн телефонуңуздун китепчесине сактап алыңыз да, ар дайым байланышта болуңуз.

SMS билдирүүнүн тексти 

Терүүнүн буйрутмасы

“Мен жеттим. Баары жайында”

*117*О! абонентинин номери*1#

“Мен чет өлкөдөмүн. Мага мессенжерден жазыңыз”

*117*О! абонентинин номери*2#

“Сураныч, мени менен байланышыңыз”

*117*О! абонентинин номери*3#

“Үйгө чыкканы жатам”

*117*О! абонентинин номери*4#

“Транспорт кармалып жатат”

*117*О! абонентинин номери*5#

USSD-сурамдардын калдыгын текшерүү

*117*9#

Бул буйрутмалардын жардамы менен сиз чет мамлекетте О!түйүнүнүн роумингинде жүргөнүңүздө башка О! абоненттеринин номерлерине суткасына 10 акысыз SMS жибере аласыз. Сиз SMS жөнөтүүчү абоненттин номери эл аралык же улуттук форматта көрсөтүлөт. Мисалы: 0707хххххх, 996707хххххх же +996500хххххх.

Баса,1 сомго 1 Мбайт пайдалуу интернет-роумингди Кыргызстандан чыгарда *997# буйрутмасы менен дагы АКЫСЫЗ кошсо болот.

Өз номерин сактоо менен чет мамлекетте жүргөндө кантип пайдалуу байланышта болуу керектиги жөнүндө кененирээк маалыматты o.kg сайтынын Роуминг бөлүмүнөн билсе болот.

 


Тизмеге кайтуу