Мырзалар үчүн белектер: 23-февралга карата идеялар

21.02.2018

Бардык мырзалардын майрамы 23-февраль – жакындап келе жатат. Бул күнү биз жакындарыбызга жана сүйүктүүлөрүбүзгө көңүл буруп, кубантабыз. Он жылдар бою сакталып келе жаткан салттарга ылайык, биз кайраттуулугун, кубаттуулугун, камкордугун жана жоопкерчилигин сыйлаган бардык мырзаларды куттуктап келебиз. Майрамга саналуу гана күндөр калгандыктан, белектерди тандоонун чыныгы учуру келди. Биз жашоодогу ар кандай шарттарга кереги тие тургандай белектерди таптык:

· Тышкы акуммулятор

Сиз смартфону үчүн кошумча азыктануу булагын белекке берсеңиз, мырзаңыз менен такыр байланышыңыз үзүлбөйт. Ал сизге ушундай пайдалуу белек үчүн бир нече жолу ыраазычылык билдирерине ишенип коюңуз.

Баасы 800 сомдон башталат.

·Зымсыз кулак каптар

​ Bluetooth-гарнитурасы бар зымсыз кулак каптар сүйүктүү музыкасынын сапаттуу угулушунан ырахат алган, бирок убактысын чаташкан зымдарды оңдоого кетиргиси келбеген мырзалар үчүн мыкты белек болот.

Баасы: 2000 сом.

·4G  Wi-Fi Wingle

Wingle – бул бир корпустагы модем жана Wi-Fi модулу. Аны USB-порту бар ноутбук, автомобилдик заряддагыч, тышкы аккумулятор, smart-телевизор, DVD-плейер ж.б. бардык түзүлүштөргө кошууга болот, жана Wi-Fi жардамы менен 4G интернетти бир эле учурда бир нече түзүлүшкө тарата алат. Сиздин мырзаңыз машинасында да Интернетке туташуу мүмкүнчүлүгүн сөзсүз түрдө баалай алат.

Баасы: 60 күнгө «Чексиздик 4G + O!TV» тарифине кошулганда 1 сом.

·Casio G-Shock сааты

Casio маркасынын G-Shock сериясындагы стилдүү спорттук сааты – бардык эркектердин көксөгөн белеги. Ишмердүүлүгүнүн түрүнө карабастан, күндөлүк жашоосунда да активдүү эс алуу учурунда да бул саатты мырзалар колунан түшүрбөй тагынышат. Баарына белгилүү легендарлуу бренд!

Баасы: 5695 сом.

·Бирдей сандары менен жуп номерлер

Азыр бардык О! кеңселеринде акция жүрүп жатат: эки киши үчүн номерлердин жуп комплектисинин баасы 1000 сом. Бул номерлер сүйүктүү адамыңдын туулган күнүн, үйлөнүү тоюнун күнүн жана сиз үчүн маанилүү сандардын комбинациясын камтышы мүмкүн.[u1] Алар болгону коду менен айырмаланышат, калган бардык сандар толугу менен дал келет!

Баасы: номерлердин жуп комплектиси үчүн 1000 сом.

·Портативдик акустикалык система

Эгер сиз белек издеген адам өз жашоосун музыкасыз элестете албаса жана кайда жүрбөсүн сүйүктүү тректерин угуп жүрсө, анда суунун чачыроосунан коргогучу жана сыйымдуу аккумулятору бар портативдик акустикалык система аны сөзсүз кубандырат. Bluetooth кармайт, кубаттуу жана таза дабыш.

Баасы 1500 сомдон башталат.

O!Store дүкөндөрүнүн даректери менен сайттан таанышса болот. Эгер таптакыр убакыт жетпей жатса, ostore.kg сайтына кириңиз, белекти онлайн тандаңыз, аны максималдуу тез убакыттын ичинде Бишкек чегинде үйүңүзгө же кеңсеңизге жеткирип беришет. 0705 007 000 телефонуна чалыңыз, бул жерде тапшырыкты кантип жолжоболоштурууну айтып беришет.




Тизмеге кайтуу