«О!Деньги» капчыгын толуктап, автоунаа утуп ал!

12.04.2021

«Мой О!» тиркемесинин колдонуучулары жума сайын ѳткѳрүлүп жаткан ойнотуулардан смартфондорду утууда. Ал эми 5-апрелде кѳптѳн күткѳн Hyundai Creta 2021 автоунаасы ойнотулду. «Жазгы драйв» лотереясынын алкагында жалпысынан 200 Tecno смартфону жана 3 жаӊы автоунаа ойнотулат!

Жеӊүүчүлѳр атайы комиссиянын катышуусунда кокус сандардын генераторунун жардамы менен онлайн режимде аныкталат.

Жаӊы Hyundai Creta кроссоверинин бактылуу ээси болуп Нурлан Шерипов табылды. Ал ѳзүнүн жеӊишине дароо ишене алган эмес.

«Мага телефон чалышканда, кезек күтүп тургам. Ишенген жокмун, тамашалап жатышса керек деп ойлодум. Ачкычын колума алып, документтерге кол койгон соӊ гана ишене баштадым! Мен үчүн жана менин чоӊ үй-бүлѳм үчүн бүгүнкү күн эӊ бактылуу күндѳрдүн бири!», –– деп бѳлүштү эмоциялары менен ойнотуунун жеӊүүчүсү.

Шериповдордун үй-бүлѳсүндѳ бул жалгыз кубаныч эмес – ойнотуунун мурунку күнү уулдуу болушкан.

«Мен абдан бактылуумун! Мага уул тѳрѳп берген жубайыма рахмат, ал эми анын эртесинде лотереядан утушка ээ болдум! Жана, албетте, мындай белек үчүн О! компаниясына чоӊ ыраазычылык билдирем!».

Нурлан «Мой О!» тиркемесинин активдүү колдонуучусу болуп чыкты, жана утуштуу билетти «О!Деньги» капчыгын толуктоо үчүн алыптыр.

«Мен О! компаниясынын кызматтарын кѳптѳн бери пайдаланып келем, газ, электр энергиясы, бардык коммуналдык кызматтарды дайыма «О!Деньги» аркылуу тѳлѳйм. Кафелерде, дүкѳндѳрдѳ да тѳлѳмдү капчык аркылуу жүргүзѳм», –– деп белгилейт бактылуу жеӊүүчү.

«Жазгы драйв» лотереясы 31-майга чейин уланат. Алдыда дагы жума сайын смартфондорду ойнотуулар болот, ошондой эле эки автоунаа –– Hyundai Elantra жана Hyundai Sonata ойнотулат. Ар бир колдонуучунун утушка ээ болуу мүмкүнчүлүгү бар!

Катышуу үчүн балансты 200 сомго жана кѳбүрѳѳккѳ толуктоо, O!Store дүкѳндѳрүнѳн соода кылуу же «О!Деньги» капчыгы аркылуу товарлар менен кызматтарды тѳлѳѳ жетиштүү.

Катышуунун толук шарттары drive.o.kg сайтында жайгашкан.

Ойнотуунун расмий ѳнѳктѳшү – Hyundai Центр Кыргызстан.

04.03.2021-ж. №194 лотерея ойнотуу уруксаты. Ѳткѳрүү мезгили: 7.03.2021-ж. – 31.05.2021-ж.

Бардык смартфондор тастыкталган. «О!Деньги» сервиси кызматтардын жеткиликтүү тизмесинин алкагында «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан кѳрсѳтүлѳт. КРУБ №2021030817, №3022030817 лицензиялары.


Тизмеге кайтуу