Тестировщиктерди окутууга тандоо турун өткөрүүнүн тартиби

07.07.2023

Тестировщик кесибине окуу боюнча бардык талапкерлерге салам жолдоо менен, «НУР Телеком» ЖЧКсынын О! Intern Labs билим берүү программасына болгон кызыгууңуздар жана катышууңуздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Тестирлөөгө 18 жаштан жогору жарандар катыша ала турганын жана мында IT тармагындагы белгилүү программаларды билүүгө карата атайы талаптар коюлбаганын эскерте кетмекчибиз. Ар бир каалоочу өзүн сынап көрө алат. Тестирлөө убакыт жагынан чектелүү жана андан өтүү үчүн бир гана мүмкүнчүлүк берилет.

Сиздерге тандоо турун өткөрүүнүн тартиби жөнүндө маалымат беребиз:

  • 26-июнда internlabs.o.kg шилтемеси боюнча алгачкы тестирлөө старт алды;

  • 7-июлда биринчи тандоо тести аяктады;

  • Биринчи тандоо тестинен 13, 14 же 15 балл (туура жооптор) алган талапкерлер экинчи финалдык тестке катышуу мүмкүндүгүнө ээ болушат;

  • 24-июлдан 4-августка  чейин экинчи финалдык тест өткөрүлөт;

  • 15-августта биринчи жана экинчи тандоо тестинин жыйынтыктары чыгарылат.

  • 19-сентябрда окуу башталат.

Баарыңыздарга ийгилик каалайбыз!


Тизмеге кайтуу