О! түйүнү камтыган аймакты кеңейтүү боюнча иштер уланып жатат

09.03.2016

Кыргызстандын телекоммуникация рыногунунтехнологиялык  лидери - О! мобилдик оператору  өлкөнүн бардык региондорунда түйүндү өнүктүрүү боюнча масштабдуу программаны ишке ашыруу иштерин улантып жатат. Февралдын экинчи жарымында компаниянын техникалык адистери 3G стандарттагы база станцияларын Чүй областынын  Панфилов, Дружба, Сосновка, Жал айылдарында жана Кара-Балта ш., ошондой эле Нарын областынын Кум-Дөбө айылында эксплуатациялоого киргизди. Мындан тышкары, Жалал-Абад областынын Көтөрмө айылында жана Нарын областынын Кең-Суу айылында добуштук байланыштын сапаты жакшыртылды.

«Биз өлкөнүн аймагында түйүн камтыган аймакты кеңейтүү боюнча иштерди улантып жатабыз жана жашоочулар ага туура баа бере алышат деп ишенебиз. Биз биздин арзан байланыш жана жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет республиканын бардык калкына, анын ичинде алыскы айылдардын жана кичи кыштактардын калкына да жеткиликтүү болушуна умтулабыз. Жаңы базалардын эксплуатациялоого киргизилиши менен, жогоруда аталган калктуу конуштардын жашоочулары эми бүгүндөн баштап байланыштын жана интернеттин сапатынын жакшырганын сезе алышат», — деп О! мобилдик операторунун технологиялык дирекциясынын директорунун орун басары Антон Коваленко белгиледи.

Бүгүнкү күндөгү эң жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет технологиясынын - 4G мүмкүндүктөрүн  Бишкек жана Нарын шаарларынын жашоочулары колдонуп жаткандыгын эске салабыз. О! мобилдик операторунун  түйүндү өнүктүрүшү менен компаниянын расмий сайтынан www.o.kg   таанышууга болот.

 О! мобилдик оператору – сенин смартфонуң үчүн байланыш!


Тизмеге кайтуу