O!Store рейтинги: кыргызстандыктардын арасында эң популярдуу смартфондордун TOP-5

12.07.2017

Кыргызстанда 2016 –жылдын жыйынтыктары боюнча Интернет түйүнүнүн 5,1 млн активдүү колдонуучусу бар, бул өлкөнүн калкынын 85% ашыгын түзөт. Барган сайын биздин мекендештер өзүн интернетсиз элестете алышпай жаткансыйт, ал эми колдонуучулардын көпчүлүгү түйүнгө дал смартфон аркылуу киришет. Керектүү түзүлүштү тандоого жана ар бир смартфондун сапаты жөнүндө толук элес алууга биздин рейтинг жардам берет. Тандап алуу ыкмасы жөнөкөй – ТОПко O!Store кардарлары баарынан мурда кызыктан моделдер гана кирди.

5 орун: Huawei Y5II

Смартфондун артыкчылыгынын бири - кураштыруунун сапатын белгилей кетүү керек, ал жогорку деңгээлде куралган жана камерасынын мүмкүндүктөрү да жакшы. Huawei Y5II камерасы анча жарык эмес шарттарда да тартууда боектордун болгон байлыгын тартып калууга мүмкүндүк берет: кош жаркырама, 8 МП уруксат  жана  диафрагма f/2.0 тартууларды начар жарык болгон жерлерде да профессионалдуу сапатта кылууга мүмкүндүк берет. HUAWEI Y5 II популярдуулугу өсүп жатат, анын  өзгөчөлүгү - маңдайкы эки мегапикселдүү камеранын жаркырамасы мыкты селфи жасоону камсыз кылат, ал эми смартфондун 5-дюйм болгон LCD-экраны түстөрдүн коюу кылып берет, так сүрөттөлүшкө жана ачык картинага ээ. Ак жана алтын түстөрдө жеткиликтүү. Баасы жагымдуу: 7 990 сом

4-орун: Xiaomi Redmi 4X

Xiaomi Redmi 4X — диагоналы 5 дюйм болгон жакшы теңдештирилген «заманбап бюджетчи». Смартфон баасы анча жогору болбосо да (8 500 сом), ал саркеч дизайны жана болушунча өндүрүштүк даамдуулугу менен кызыктуу. Анын эң күчтүү жактары – дизайны жана кураштыруунун сапаты, автономдуулук жана колдонууга ыңгайлуулугуна кошумча MIUI капталышынын программалык «фишкаларынын» көптүгү. Өндүрүмдүүлүгү менен экрандын сапатында да айып жок. Xiaomi Redmi 4X арткы 13 Мп жана маңдайында 5 Мп камералар менен жасалган. Мындай смартфон мектеп жашындагы окуучулардан тартып улуу адамдарга чейин туура келет.

3-орун: Huawei GR3

Кээ бир адамдар флагмандарды гана – кымбат, имидждүү, болушунча технологиялууларды кааласа, экинчилери бышык жана жеткиликтүү девайстарды сатып алууну каалашат. Ошентсе да, орточо баа категориясындагылар да бар, анда харизма жагынан флагмандарга жол бербеген жана функционалдуулук мүмкүндүктөрү боюнча бюджтечилерден аша түшкөн смартфондор да бар. Мындай смартфон болуп Huawei GR3 саналат – бул анча көп эмес акчага флагмандык көрүнүш тартуулайт. Металлдан жасалган элеганттуу жана бышык смартфон боз жана алтын түстө сунушталган. Экраны HD уруксаттык менен 5 дюймдуу IPS-матрица менен жабдылган, чийилүүлөргө туруктуу жана манжалардын тактарынан оңой тазаланат. Жаркырамасы бар 13Мп жана селфи үчүн 5 Мп мыкты камераларга ээ. Смартфондун өндүрүмдүүлүгү эң керектүү тиркемелерди гана эмес, оюндарды жана ресурстарга талаптуу болгондорун да жеңүүгө мүмкүндүк берет. Ушунун баары 10 490 сомго.

2-орун: Huawei P8 Lite

Смартфон P10 Lite-дин тышкы көрүнүшүн дээрлик дал өзүндөй кайталат, болгон көлөмү менен гана айырмаланат (ал кичине калыңыраак, жазыраак жана узунураак, бирок бул анча байкалбайт). Смартфон анын арткы панетли айнек менен катталгандыгынан улам иш жүзүндөгүгө караганда кымбат көрүнөт. Манжанын тагынын сканери бар, ал дароо өзү туураланат жана өтө тез иштейт. P8 Lite 2017 дисплейи өзүнүн мүнөздөмөсү боюнча P10 Lite экранынан кем калбайт, бирок бул моделдин ички эстутуму кичирээк, бирок ошентсе да аны экинчи слоттун жардамы аркылуу чоңойтуп алса болот. Мында сиз бир маалда 2 SIM-картабы же бир + microSD колдоносузбу тандаш керек. Жыйынтык: жаңы колдонуп баштагандар үчүн смартфондун мыкты тандамы. Баасы O!Store-до: 14 990 сом.

1-орун: Huawei P10 Lite

P10 Lite-тин мурункудардан чынында эле маанилүү, сапаттуу айырмасы – оперативдүү жана ички эстутумдун көлөмүнүн чоңоюшу. Смартфон 3 ГБ оперативдүү эстутум жана 32 ГБ ички эстутум менен жабдылган. Батареясы да бир топ жакшыртылгандыгын белгилейбиз. Негизинен бул 5.2-дюймдуу дисплейи бар девайс көп нерсени сунуш кылат, ал эми баасы флагмандан эки эсе арзан турат. Ал жакшы кураштырылган жана өзүнүн баасынан эффекттүү айнек жапкычынан улам бир топ кымбат көрүнөт, айнек жапкычы жакта манжалардын тактарынын сканери жайгашкан. 12-мегапикселдүү маңдайкы камера жакшы тартат, ал эми селфи үчүн 8 мегапикселдүү «фронталка» каралган. Смартфон жалтырак көк, кара, ак жана алтын түстөрдө жеткиликтүү. Анын баасы: 19 990 сом

Ушул жана башка көптөгөн сертификатташтырылган смартфондордун моделдерин расмий кепилдиги менен O!Store дүкөндөрүнүн филиалдар тармагынан сатып алыңыздар же shop.o.kg онлайн-дүкөнүнөн үйгө жеткирип берүү менен тапшырык кылыңыздар.

А сиз кандай смартфон тандайсыз?


Тизмеге кайтуу