UFC 248: Бул жекшембиде UFC ТВ каналынан 2 титулдук беттешти кѳрүӊүз - бир гана О!TV’да

06.03.2020 Бул дем алыш  абдан кызыктуу болот! 

8 –март күнү, Бишкек убактысы боюнча саат  09:00дѳ Лас-Вегаста үстүбүздѳгү жылдагы дүйнѳ жүзүнүн эӊ мыкты лигасы UFC 248дин үчүнчү номердик турнири болот. Шоудан кѳрүүчүлѳр биринчи болуп, орточо салмактагы Исраэль Адесанья менен Йоэль Ромеронун ортосундагы чемпиондук беттешти кѳрѳ алышат. Бул экѳѳ эч кимди зериктирбейт! Эки спортчунун теӊ эсебинде кѳптѳгѳн жекеме-жеке күрѳштѳр бар, ал эми эӊ негизгиси – токтоосуз  жеӊишке умтулуу!  

Экинчи маанидеги беттешке жеӊил салмактык категориядагы кыздар чыгып, учурда кытайлык Вейли Жангга тийиштүү чемпиондук титул үчүн салгылашат. Ага каршы жеӊил категориядагы мушкерлердин экс-ханышасы Йоанна Йенджейчик чыгат.

Турнирди түз алып кѳрсѳтүү бул жекшембиде, 8-март күнү Бишкек убактысы боюнча саат 9:00дѳ башталат. 

Кыргызстандын аймагында бир гана O!TV тиркемесинен жеткиликтүү болгон эксклюзивдүү UFC ТВ каналында абдан кызыктуу беттештерди кѳрүӊүз.

Күнүнѳ болгону 7 сомго  «O!TV Премиум» кызматын  *750*3# командасы менен кошуп алыӊыз.


Тизмеге кайтуу