«Менин О!» тиркемесин орнотуп алыңыз+1ГБ интернет белекке

07.12.2017

Текшерилген – баары иштейт!

“Менин О!” мобилдик тиркемесинин колдонуучулары өз e-mail дарегин тастыктаганда белекке акысыз 1 ГБ интернет алышат. Өз электрондук дарегин тастыктоо менен О! абоненттери О! түйүнүнүн акциялары, бонустары жана жаңылануулары тууралуу актуалдуу жаңылыктардан кабардар болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. 

Кантип алса болот? Түшүндүрөлү:

“Менин О!” тиркемесин өз смартфонуна орноткон жана электрондук дарегин тастыктаган абонент О! түйүнүнүн ичинде бир айдын ичинде сарпталышы керек болгон бонустук 1 гигабайт интернет-трафик менен сыйланат.

Эмне кылуу керек?

Болгону каалаган тиркемелер дүкөнүнөн  “Менин О!” тиркемесин жүктөңүз же шилтеме боюнча басыңыз да, кыска каттоодон өтүңүз.

«Менин О!» - бул сиздин жеке виртуалдык тейлөө кеңсеңиз.Тарифтик пландарга кошулуу жана алмаштыруу боюнча жылдызчалар жана торчолор менен миңдеген керектүү буйрутмалары ичинде, эч нерсени жаттоонун кереги жок. Бардык операциялар жөнөкөй жана ыңгайлуу тиркемеде!

«Менин О!» тиркемеси аркылуу сиз саналуу секунданын ичинде төмөндөгүлөрдү аткара аласыз :

  • эсептин абалын текшерүү;
  • кошулган кызматтар тууралуу маалымат алуу;
  • тарифтик планды өзгөртүү;
  • сүйүктүү телеканалдарды тандоо жана ТВ-топтомдорду кошуу;
  • гигабайт жана мүнөттөрдүн калдыгын текшерүү;
  • сүйлөшүүлөрдүн детализациясын алуу.
“Менин О!” тиркемеси кол алдыңарда кезде, жакын кеңселерди издөөнүн же call-борборго чалуунун кажети жок, анткени суроолордун көпчүлүгүн мобилдик тиркеме аркылуу чечсе болот.

«Менин О!» — сенин эң мыкты мобилдик жардамчың! 


Тизмеге кайтуу