Ушул жекшембиде Хабиб менен Гэтжинин беттеши болот. O!TV тиркемесинен көрүңүздөр

19.10.2020

O!TV тиркемесин жүктөп алыңыз жана күздүн эле эмес, жылдын башкы беттешин Хабиб Нурмагомедов менен Джастина Гэтжинин беттешин көрүңүз.

Бул жигиттер 25-октябрда UFC 254тө жекеме-жеке чыгышат да, беттештин жыйынтыгында бир гана чемпион калат. Беттеш UFC 254 турниринин алкагында Абу-Дабидеги Аскердик аралда көрүүчүлөрсүз жана күйөрмандарсыз өтөт. 

Россиялык мушкер 28 беттеште 28 жолу жеңишке (8 – нокаут менен) жеткен, Гэтжи болсо 24 беттештин 22син жеңген. Джастин – көрүнүктүү мушкер, ал күрөштөгү сүрдүү бэкграундга ээ. Мунун баары америкалык мушкерди Нурмагомедовдун кооптуу атаандашына айлантууда.  

Сиз кимге күйөрмандык кыласыз, канчанчы раундда баары чечилет деп ойлойсуз?

Турнир ушул жекшемби күнү, 25-октябрда Бишкек убактысы боюнча саат 00:00дө түз эфирде көрсөтүлөт.

Сиздерди UFC ТВ ЭКСКЛЮЗИВДҮҮ КАНАЛЫНДА бүйүр кызыткан беттеш күтөт. *750*3# буйрутмасы менен күнүгө болгону 7 сомго «O!TV Премиум» кызматын кошуп алгыла.

O!TV сервиси тууралуу кененирээк маалымат otv.kg сайтында.

 


Тизмеге кайтуу