О! Мобилдик операторунун үй-бүлөлүк топтомунда толуктоо

01.04.2019

Жакындарыңдын колдоосун ар дайым сезүү, жумуш күнү бою жакындарың менен телефон аркылуу баарлашуу, аларды соцтармактарда пикирлериң менен колдоо же кызыктуу сүрөт жөнөтүү абдан маанилүү. Ал эми кечинде баары чогулганда сүйүктүү фильмдерди көрүүнүн өзү керемет!

Жакындарынын баарынын байланышта болуусун каалагандар үчүн «Бирге арзан» тарифи идеалдуу чечим болмокчу. Бул тарифтин артыкчылыгы – бир нече номерди жана үй интернетин дароо кошуп алса болот, ал эми төлөм айына бир жолу бир гана номердин балансынан жүргүзүлөт.

Эки эсе үнөм жана ыңгайлуулук

Үй-бүлөлүк бюджеттин көз карашы менен алып караганда, бул пайдалуу чечим болуп саналат. Өзүңүздөр карап көрсөңүздөр: эгер үч кишиден турган үй-бүлө байланышка айына орточо эсеп менен 400 сом коротсо, айына баарына биригип 1200 сом чыгат, ал эми үй интернетин кошсок, андан да көп – болжол менен 2200 сом чыгат. Ошол эле учурда үч номер кошулган «Бирге арзан» тарифинин бардык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу + зымсыз үй интернети айына болгону 1 190 сомду түзөт. Ошентип, айына 1010 сом үнөмдөлөт, бул сумма жылына 12 120 сом болот!

«Мобилдик интернетти бүт өлкө активдүү түрдө колдонуп жаткан учуру, ал эми аймактардагы көпчүлүк калктуу пункттар үчүн интернет глобалдык түйүнгө кирүүнүн бирден бир мүмкүнчүлүгү болуп саналат. О! Мобилдик операторунун кеңири тилкелүү 4G LTE технологиясы менен камтуу боюнча лидерлиги конкреттүү аймактын тигил же бул социалдык-экономикалык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен инновациялык жана сапаттуу сервистерди сунуштоого түрткү берет», - деп белгиледи компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко.

Жаңы «Бирге арзан Регион» тарифи менен абоненттер ай сайын: Роутердеги зымсыз үй интернетине + акысыз чалуулар үчүн жана ар бирине 30 гигабайт мобилдик интернети берилген 3 SIM-картага ээ болушат! 30 күнгө абоненттик төлөм болгону 890 сомду түзөт жана бүт комплект үчүн бир гана башкы SIM-картанын балансынан гана алынат. Бул – түрдүү кызматтарды издөө жана түрдүү провайдерлер менен кошумча келишимдерди түзүү машакаты жоголот дегенди билдирет, анткени бардык опциялар бир топтомдо жайгашкан жана бир гана күндө кошулат.

Кошулуу үчүн табыштаманы 557 жана 0500 000 955 номерине чалуу аркылуу же аймактардагы О! сатуу жана тейлөө Кеңселеринде, же www.o.kg сайтында даректери берилген O!Store дүкөндөрүндө калтырса болот.

Бирге АРЗАН!

Жаңы «Бирге арзан Регион» тарифиндеги мобилдик интернеттин максималдуу ылдамдыгы Ысык-Көл, Нарын, Талас, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын аймактарында жеткиликтүү. Чүй облусу менен Бишкек шаарынын аймагында мобилдик интернеттин ылдамдыгы секундасына 128 Кбитке чейин төмөндөтүлөт, тарифтин башка параметрлери өзгөртүүсүз көрсөтүлөт. 

 


Тизмеге кайтуу