Маанилүү! Кыргызстандагы идентификацияланбаган капчыктар 1-октябрдан тартып эмне болот

29.09.2020

Идентификацияланбаган капчыктарды колдонууга тыюу салган Улуттук банктын токтому 1-октябрдан тартып күчүнө кирет.

 

«О!Деньги» капчыгынын колдонуучуларынын ыңгайлуулугу үчүн «Мой О!» тиркемесинде онлайн же каалаган О! сатуу жана тейлөө кеңселеринде өтсө болот. Бул көп убактыңды албайт жана паспорт гана керек. 

«О!Деньги» капчыгынын идентификациясынын статусун кантип текшерсе болот?

Текшерүү үчүн «Мой О!» тиркемесин ачуу жана башкы менюга кирүү жетиштүү. Идентификациянын статусу телефондун номеринин алдында көрсөтүлгөн.

«О!Деньги» капчыгынын идентификацияланбаган колдонуучунун кандай артыкчылыктары бар?

  • Көбөйтүлгөн лимиттер, каражаттарды көбүрөөк сактоо жана коротуу мүмкүнчүлүгү.

  • Онлайн-оюндарды жана соцтармактарды кошуу менен каталогдогу бардык кызматтарга кирүү.

  • Каражаттарды «О!Деньги», Qiwi, Mbank online жана башка капчыктарга которуу мүмкүнчүлүгү.

  • Казакстан менен Тажикстандын банктарынын карталарын толуктоо мүмкүнчүлүгү.

  • Тиркемедеги мамлекеттик кызматтарга толук кирүү мүмкүнчүлүгү.

  • Онлайн-идентификация үчүн 10 ГБ интернет алуу мүмкүнчүлүгү. Акция* тууралуу кененирээк.

«О!Деньги» капчыгынын идентификациясын кантип өтүү керек?

1.      «Мой О!» тиркемесин жаңылаңыз жана ачыңыз.

2.      «О!Деньги» бөлүмүн тандаңыз.

3.      Идентификация бар вкладканы ачыңыз.

4.      Онлайн-өтүнмөнү толтуруңуз.

1.      SMS-код менен өтүнмөнү тастыктаңыз. Өтүнмө бир иш күнүндө иштелип чыгат.

Видеонускамада кененирээк айтып бердик.

Идентификацияны убагында өтпөй калса эмне болот?

1-октябрда идентификацияланбаган капчыктар өчүрүлөт. Капчыкка, каражататрдоын калдыгына жана башка төлөмдөргө (телефондун, капчыктын же картанын балансы) кирүү толугу менен чектелет.

Идентификацияланбаган капчыкта каражаттар калып калган болсо, эмне кылуу керек?

Онлайн-идентификациядан өтсө болот жана каражаттардын калдыгы менен колдонууну уланта берсе болот. ГУМда жайгашкан «Дос-Кредобанк» ААКнын башкы кеңсесинин кассасынан каражаттардын калдыгын накталай акчага айландырып алса болот. Идентификацияланбаган капчыктан жүргүзүлгөн төлөмдөр жеткиликсиз болот.

Өчүрүлгөн капчыкка кирүүнү кантип калыбына келтирсе болот?

Аны аткаруу үчүн идентификациядан өтүү керек жана капчыктын бардык функциялары жеткиликтүү болуп калат. 

«Мой О!» тиркемесин Google Play же App Store платформасынан орнотуп алыңыз да, «О!Деньги» капчыгы аркылуу коммуналдык кызматтарды, интернет, мобилдик байланышты, айыппулдарды, салыктарды, дүкөндөрдөгү сатып алууларды, кафелердеги эсептерди жана 700дөн ашуун пайдалуу сервистерди төлөңүз.

10 ГБ интернет Акциянын алкагында “О!Деньги” капчыгынын онлайн-идентификациясы үчүн 2020-жылдын 23-апрелинен 30-сентябрына чейин жүрөт. Акцияга катышуу «Переходи на О!», «Сенин Супернөлүң» жана «Сенин нөлүң» тарифтик пландарынын абоненттери үчүн жеткиликтүү. 

МТжБМК караштуу МБА лицензиялары: №16-0062-КР, №16-0063-КР.

«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан кызматтардын жеткиликтүү тизмегинин алкагында көрсөтүлөт. КРУБ лицензиялары: №2021030817, №3022030817.

Идентификация «Дос-Кредобанк» ААК тарабынан жүргүзүлөт. КРУБ лиц. № 037.

 


Тизмеге кайтуу