Сиздин бизнесиңиз үчүн пайдалуу чечим – M2M-тарифи

26.01.2022

Эгер сиздин автоунааңыз автосигнализация менен, ал эми үйүңүз же кеңсеңиз видео байкоо менен корголсо – О! Мобилдик операторунун «Акылдуу түзүлүш» тарифи сиз үчүн алмаштырылгыс тариф болуп саналат, анткени ал объектилерди аралыктан башкарууга мүмкүнчүлүк берет.

Үйдү жана автоунаанын коргоо менен бирге, M2M-технологиялар башка тармактарда дагы пайдалуу болушу мүмкүн:

  • Банктар жана төлөм тутумдары – банкоматтарды, терминалдарды, башка төлөм тутумдарын жана түзүлүштөрүн туташтыруу үчүн;

  • Логистикалык жана транспорттук компаниялар – автотранспорттун, жүк ташуулардын мониторинги үчүн;

  • Коргоо ишканалары жана коопсуздук тармагындагы башка компаниялар – объектилерди коргоо, видео байкоо, өрт коопсуздугу үчүн;

  • Вендинг бизнес – сатуучунун катшыы жок товарды берүүчү аппараттар үчүн;

  • Отун-энергетикалык компаниялар, турак-жай коммуналдык чарба жана өнөр жай – электр энергетика, суу жаан газ менен камсыздоо, өндүрүш жана башка тармактардын объектилериндеги маалыматтардын мониторинги үчүн.

«Акылдуу түзүлүш» тарифине 100 SMS, O! түйүнүндө чалуулар үчүн 10 мүнөт жана 200 МБ интернет киргизилген. Өзгөчө ыңгайлуулугу – негизги топтом аяктагандан кийин интернет тарификацияланбайт.

3) 1080x814_M2M-Sim2-kg.jpg

Кызматтын негизги артыкчылыктарынын бири болуп анын атайын SIM-картанын жардамы менен кошуу оңойлугу болуп саналат. Анын ишине «Мой О!» тиркемесинин акысыз сервиси аркылуу көзөмөл кылуу абдан жеңил. Бардык түзүлүштөрдүн SIM-карталарынын номерлерин кошуп алыңыз, алардын балансын көзөмөлдөп, керектүү учурда «О!Деньги» капчыгы аркылуу толуктап туруңуз.

М2М-башкаруу:

  • Жабдуулардын ортосунда маалыматтарды үзгүлтүксүз алмашууну камсыздоого;

  • эсептегичтердин көрсөтмөлөлөрүнүн жана чыгыш материалдарынын санынын маалыматтарын реалдуу убакыт режиминде алууга;

  • жабдуунун бузулгандыгын жана жерине барбай туруп транспорттун максатка ылайык эмес колдонулгандыгын билүүгө;

  • кызматкерлердин жоопкерчиликтүү жүрүм-турумунун эсебинен чыгымдарды азайтууга жардам берет.

Көпчүлүк учурда жабдуу кишинин өмүрүнө коркунучтуу жайларда турат, ошондуктан, жешилбей турган, атайын М2М SIM-карталары экстремалдык шарттарда иштөөгө арналган. Атайын M2M SIM-картанын баасы – 100 сом. Тарифти каалаган O!Store дүкөнүнөн кошуп алса болот.

Бардык баалар КНС жана СС эсепке алуу менен көрсөтүлгөн. Тариф жөнүндө кененирээк маалыматты o.kg сайтынан билсе болот.

О! Мобилдик операторунун «Акылдуу түзүлүш» тарифи – контролдоо менен эсептин заманбап ыкмасы


Тизмеге кайтуу