О! мобилдик операторунан жаңы TOYOTA Land Cruiser PRADO утуп ал!

01.12.2016

О! мобилдик оператору кеңири масштабдуу лотерея  «Удача» жүргүзүп жаткандыгы жөнүндө маалымдайт. Бүгүнкү күндөн тартып О!нун  каалаган абонентине ай сайын байгелерди жана баш байге – жаңы TOYOTA Land Cruiser Prado автоунаасын  утуп алуу мүмкүндүгү берилет. Байге фондунда 75 Huawei Y3II смартфону жана 90 4G Wi-Fi Wingle бар. Катышуу акысыз.

 Лотереяга катталуу үчүн абонент *777# буйрутмасын терип, О!нун байланыш кызматтарын колдонуу менен, билеттерди топтой башташы керек. Катталган учурдан тартып абонентке виртуалдык лотереялык билеттер эсептелип турат:

  • лотереяга кошулгандык үчүн акысыз 2 билет  эсептелет;
  • балансты толтурганда, ар бир 145 сом үчүн 3  билет эсептелет ;
  • байланыш кызматына корогон ар бир 145 сом үчүн 5 лотереялык билет кошумча эсептелет.

«Жөнөкөй жана жеткиликтүү тарифтик сунуштардан жана сапаттуу тейлөөдөн тышкары, биз абоненттерибизге кошумча артыкчылыктарды берүүгө умтулабыз. Дагы бир жолу абоненттерибизди болуп көрбөгөндөй «Ийгилик» лотереясы менен кубантууну чечтик, баш байге болсо жаңы Toyota Land Cruiser PRADO. Албетте, бул автоунаа жаңы 2017-жылы үй бүлө үчүн жакшы жардам болот. Эмесе, Land Cruiser PRADO өз ээсин күтөт! Ар бир билет – бул  башкы супер байгени утууга мүмкүндүк, сизде канча көп билет болсо, утушка ошончо көп мүмкүндүк! Катышыңыздар жана утуңуздар!», – деп белгиледи компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко.

 Лотереялык билеттердин саны  чексиз. Топтолгон билеттердин санын текшерүү үчүн *777*9#  буйрутмасын теришиңиз керек.

Лотерея  2016-жылды н 1-декабрынан тартып 2017-жылдын 6-мартын кошуп О!нун бардык абоненттери үчүн өткөрүлөт.  Байге фондун ойнотуу үч этапта жүргүзүлөт:  2016- жылдын 30- декабры, 2017-жылдын  30-январы, 2017-жылдын 6- марты. Ошондой эле 2017-жылды 6-мартында баш байгени – жаңы TOYOTA Land Cruiser PRADO финалдык ойнотуу болот.

«Ийгилик» лотереясы жөнүндө кенен маалыматты жана катышуу эрежелерин udacha.o.kg  жана www.o.kg сайтынан, ошондой эле 777, 0705 700 700 телефондору боюнча билүүгө болот (О!нун абоненттери үчүн чалуу акысыз).


Тизмеге кайтуу