Нөлдөн баштап тестировщик бол – О! акысыз окутууга кабыл алууну жарыялайт

27.06.2023

О! Мобилдик оператору кийин «НУР Телеком» компаниясына жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү менен суроо-талап жогору мобилдик жана веб-тиркемелерди тестирлөө боюнча инженердик кесипке акысыз окутууга кабыл алуу башталганын жарыялайт. Эгер сиз эмгек жолуңузду IT дүйнөсүнөн баштоону же кесибиңизди өзгөртүүнү кааласаңыз жана ыңгайлуу учурду күтүп жаткан болсоңуз – мындай учур келди!

Тестировщик деген ким

Тестировщик – бул программалык камсыздоону иштеп чыгуунун бардык стадияларында анын сапатын көзөмөлдөө үчүн жооптуу адис.


Окуу кандайча өткөрүлөт

Окуу 3 жылдын ичинде ондогон адистерди даярдап чыккан О! Intern Labs корпоративдик программасынын базасында ишке ашырылат. Менторлордун арасында – бир гана практиктер жана өлкөнүн эң мыкты иштеп чыгуучулары. Окуу Бишкек шаарынын борборунда жайлуу кеңсенин базасында өтөт. Сизди үч ай бою базалык жана теориялык окуу күтөт. Акыркы 2 айда реалдуу долбоорлорго катышасыз. Сизден жумасына 2 сааттан болгону 2 күн талап кылынат. Материалды ийгиликтүү өздөштүрүү үчүн зарыл болгон бардык ресурстар камсыз кылынат.

Курстан эмнелерди үйрөнөсүз:

  • сайттардан жана тиркемелерден каталарды (багдарды) издөө;

  • Jira, IntelliJ IDEA, Xcode, Android Studio, SQL, Postman, GitHub программалары менен иштөө;

  • биллингдик тутумдар менен иштөө, тиркемелердин логдорун окуу;

  • программалык өнүмдү функционалдуулугу жагынан сыноо, тесттик документтерди иштеп чыгуу;

  • программалык камсыздоодогу иштен чыгууларды божомолдоо, анын жашоо циклин баалоо жана башка көптөгөн иш-аракеттер.

Жыйынтыгында эмнеге ээ болосуз

Дипломдон тышкары, сизге IT дүйнөсүнүн кең мейкиндиктерине эшик ачкан перспективалуу жогору акы төлөнүүчү адистикке ээ болосуз. Мыктылардын мыктысына «НУР Телеком» компаниясына иштөөгө чакыруу берилет.

Кантип катышса болот

Бул эң сонун мүмкүнчүлүк – мурунку жылдарда Intern Labs программасы боюнча окууга 1200дөн ашык өтүнмө келип түшчү. Азыр да ушундай эле, сынактан өтүп, курска катыша турган бактылуу 50 кишинин катарынан орун алыш үчүн, сизден мыкты аракеттер талап кылынат. Курс бардык катышуучулар биринчи тесттен өткөндөн кийин дароо башталат. Андыктан, өз ордуңузду ээлеп калыш үчүн шашылыңыз. internlabs.o.kg шилтемеси боюнча катталып, андан аркы нускалоолорду алыңыз.

КР МБТМК караштуу МБА лицензиялары: «НУР Телеком» ЖЧК №16-0062-КР, №16-0063-КР.


Тизмеге кайтуу